Базар-Коргон районунун акими болуп Мирлан Карагулов дайындалды

Мирлан Карагулов. Сүрөт интернеттен алынды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими болуп Мирлан Карагулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 24-майда кол коду. 

Карагулов буга чейин Тогуз-Торо районунда аким болчу. Ал бул кызматка 2021-жылдын майында Жапаровдун «акимдерди ротациялоо» буйругунун негизинде дайындалган. Ага дейре ал Чүйдүн Москва районунда аким болуп иштеп келген. 

Ал эми Базар-Коргондун буга чейинки акими Жанысак Сатыбалдиев ызы-чуудан кийин үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде иштен алынган.

2022-жылдын январында Жанысак Сатыбалдиев менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, «Альфа Телеком» ишканасынын аймактык филиалынын директору Байгазы Эргешовду алдамчылыкка шектелип кармалган.

Алар Базар-Коргондун мурдагы мэри Ильяс Төлөновдун «кайрадан кызматка келүүсүнө көмөктөшүүнү убадалап, президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алганы» аныкталган.

Атайын кызматтан шектүүлөр «берген убадаларын аткарбай, Төлөновдун акчасын кайтарбай, коркута башташкан» деп белгилешкен.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Базар-Коргон: Алдамчылыкка шектелген аким бир айга камалды, шаардык кеңештин депутаты үй камагына чыкты