«Сапат» билим берүү мекемелери түрк мамлекеттик «Маариф» фондуна өткөрүлөт

31-декабрда президенттин администрациясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Маариф» фондунун өкүлү Хүснү Биржан менен жолукту. Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Байсалов «Сапат» билим берүү мекемелерин «Маариф» фондуна өткөрүү чечими кабыл алынганын жарыялады.

Минкабдын маалыматына ылайык, мындай чечим окуучулардын жана студенттердин таламдарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделет.

«Маариф Фонду Кыргызстандагы беш жылдык ишинин ичинде улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарынын сапатынын эң жогорку деңгээлин көрсөттү. “Сапат” тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртаарына ишенебиз», — деп билдирди Байсалов.

Ошондой эле Байсалов жаңы башкарууга өткөрүү процесси «мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен» жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Өз кезегинде Хүснү Биржан «Маариф» фонду жакынкы айларда Кыргызстандагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн чоң инвестицияларды тарта турганын жана мектептердин тармагын кеңейтүүнү пландап жатканын айтты.

«Сапат» жетекчилиги бул чечим күтүүсүз болгонун билдирди. Ошол эле учурда алар бардык «юридикалык жана укуктук» нормалар сакталат деп үмүт артарын айтышты.

Түркия бийлиги «Сапатты» (мурдагы «Себат») 2016-жылы Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинин уюштуруучусу деп эсептелген оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланыштырып келген. Гүлен өзү төңкөрүшкө тийиштүү айыптоолорду четке каккан.

2016-жылы Түркия бийлиги Кыргызстандан 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» лицейлерин жабууну талап кылган. Бирок кыргыз бийлиги мындай сунуштан баш тартып, компромисс катары лицейлердин атын «Сапат» деп өзгөртүп, Кыргызстандын билим берүү министрлигин негиздөөчүлөрдүн курамына кошкон. Ошондой эле эки өлкө «Маариф» фондунун башкаруусундагы альтернативдүү мектептерди ачуу боюнча макулдашкан.

«Маариф» фонду 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында негизделген. Анын максаты — бала бакчадан баштап университеттерге чейин чет өлкөлөрдөгү билим берүү мекемелерин башкаруу, маданий алмашууну илгерилетүү жана сапаттуу билим берүүнү жайылтуу.