ЖМК: Молдовада Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Халиков кармалды

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Молдованын баш калаасы Кишинев шаарында президенттин коомдук башталыштагы мурдагы кеңешчиси Айдар Халиков кармалганын билдирди.

Анын айтымында, учурда молдова бийлиги аны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин карап жатат.

«Айдар Халиков азыр Кишиневдогу тергөө инспекторатында. Молдованын бийлиги аны депортациялабайт деп үмүттөнөм. Кыргызстанда аны УКМКнын жертөлөсүндөгү кыйноолор же андан да жаман нерселер күтүп турат», — деп жазды Темиров.

Азырынча Кыргызстандын тиешелүү мекемелери Халиковдун кармалганы тууралуу маалымат боюнча комментарий бере элек.

2024-жылы ноябрда Халиков Темировго маек берип, президент Садыр Жапаров менен анын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков аны соцтүйүндөрдө «бийликке каршы пикирин жазган адамдарды жаманатты кылган постторду жарыялоого мажбурлаганын» айткан.

Халиков ошондой эле Жапаровдун президент боло электе «20 сому да» болбогонун, азыр ал «миллиардер» экенин билдирген.

Орунбеков анын сөздөрүн четке кагып, Жапаров 2005-жылдан бери Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борборунун маңдайындагы имаратка ээлик кыларын, азыр анын баасы 10 млн долларга жетерин билдирген.

Анын айтымында, Жапаров мындан тышкары Мамлекеттик ипотекалык компанияга 30 млн сомдук үч кабаттуу имаратын өткөрүп берип, анын аркасы менен «10 үй-бүлө батирлүү болгон».

Орунбеков ошондой эле Халиков президенттин кеңешчиси кызматын жеке кызыкчылыгына, тагыраагы «Өзбекстандан шифер аткезчилигин ишке ашырууга» пайдаланганын кошумчалаган.

Андан мурдараак президент өзүнүн коомдук башталыштагы бардык кеңешчилерин кызматтан алган. Анда анын басма сөз кызматы мындай чечим «башкаруу системасын жакшыртуу» үчүн кабыл алынганын билдирген.