Эрнис Кыязов Сыймык Жапыкеев менен курган маегин жарыялабай турган болду

Жакында эле Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев соцтармакка журналист Эрнис Кыязовго курган маегинин анонсун жарыялаган. Ошол эле постко президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниетин жаза кеткен.

Чыга элек интервьюнун үзүндүлөрүнө караганда, анда бийликке бир далай сын айтылгандай. Жапыкеев анда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди «02» деп атап, азыркы тапта прайм-эра экенинен күмөн санарын жана өлкөдөгү жайнаган курулушту «эл куурап атса той берген» менен салыштырган. Ошондой эле, президенттин «короосуна кошулгандай кой эмесмин» деп билдирген.

Көп өтпөй Эрнис Кыязов Жапыкеевдин жаңы маегин жарыялабай турганын айтып чыкты.

«Ооба, көрсөтүү бүгүн чыкмак. Бирок кечээ политолог Бакыт Бакетаевди подкастыма чакырдым эле, а киши ватсаптан үгүт талаптары камтылган бир маалыматтарды жибериптир; ошондуктан сага, өзүмө зыян кылып албайын деп көрсөтүү бүгүн чыкпай калды. Аны туура түшүнүү менен кабыл аласың деп ишенем», — деди Кыязов.

Бирок мындай видеону шайлоо алдындагы агитация деп атоо кыйын, анткени Жапыкеев «кудай буюрса» президенттик шайлоого катышуу ниетим бар деп гана айткан болчу. Азырынча БШКга документ тапшырганын да айта элек, тек гана катталуучуларынын пикирин сураган.

«Буюрса үгүт мөөнөтү башталса, шайлоо фондуңдан мыйзамдуу төлөм төлөнсө, подкаст буюрса чыгат. Кандай тартылса, үзүлбөй-кесилбей чыгат», — дейт Кыязов.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, шайлоонун үгүт кампаниясы талапкерлерди каттоо аяктаганда башталат. 28-сентябрга карата БШКга 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу тууралуу бир да арыз түшө элек.

Демек, маекте шайлоонун үгүт-иштерине мүнөздүү белгилер — добуш берүүгө чакырыктар, мисалы, болсо деле — агитация деп саналбайт, анткени азыр эч нерсе баштала элек.

Мурдарак президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниетин өлкө башчысы Садыр Жапаров менен мурдагы ИИМ башчысы Өмүрбек Суваналиев билдиришкен. Президент бул тууралуу журналист Али Токтакуновго курган маегинде, Суваналиев «Азаттыкка» айтып берген. Агиткампания расмий 23-декабрда башталат.

Сыймык Жапыкеев азырынча президенттикке талапкер эмес экенин эске алганда, мында журналист Кыязов «шайлоонун үгүт иштери» деген билдирүү менен чектелип, бир нерсени ачык айтпай жаткандай. Буга чейин да Жапыкеев ага маек куруп, бийликке сын айтылгандан кийин Кыязов УКМКга сурак берип чыккан болчу. Өзү анда атайын кызмат менен «сылык-сыпаа маектешип» чыкканын жазган.