«Алиби» гезитинин кеңсесине белгисиз адамдар 6-ноябрда киришкен. Милициянын болжолдуу маалыматы боюнча, алар тараптан редакцияны тоноо аракети болгон. Басылманын негиздөөчүсү Бабырбек Жээнбеков кеңсенин эшигин «бийлик башында тургандардын буйругу менен» талкалап киришкен деп эсептейт.

6-ноябрь күнү түн ичинде оппозициялык «Алиби» гезитинин Бишкектеги кеңсесинин эшигин белгисиз адамдар талкалап киришкен —эртең менен басылманын журналисттери кеңсенин эшиги талкалангандыгын, а башкы редактордун иш бөлмөсүндөгү сейф кулап калгандыгын көрүшкөн.

Басылманын башкы редактору Канышай Мамыркулова Kloop.kgге берген маегинде «Алибинин» кеңсесинен эч кандай баалуу буюмдар же техника жоголбогондугун билдирди.

«Биринчи караганда бардык материалдык баалуу нерселер өз ордуларында. Эшиктин бузулуп ачылганын бүгүн эртең менен алгач биздин жооптуу редакторубуз көргөн. Эшикти бузуп ачышыптыр. Кулпулар жакшы эле болчу. Бирок сигнализация иштебейт — [ага] редакцияда ашыкча акча жок. Анан биз милиция чакырдык», — деди Мамыркулова

Ыкчам топтун болжолдуу версиясы — бузуп кирүү жолу менен уурулукка баруу аракети болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Канат Жумагазиев Kloop.kgге берген маегинде билдиргендей, кеңсеге киргендер башкы редактордун иш бөлмөсүндөгү сейфти бузуп ачууга аракет кылышкан, бирок ача албай койгондуктан аны чыгарып кеткилери келген, бирок ал өтө оор болгон.

«[Милиция кызматкерлери тарабынан] кирүүчү эшиктин кулпусун бузуп ачуу жолу менен уурулукка баруу аракети көрүлгөндүгү аныкталды. Андан сырткары сейфти бузуп ачууга аракет кылышкан. Редакцияда андан башка эч нерсенин чачылганы аныкталган эмес. [...] Сейфтин өзү ордунда калган — ал өтө оор болгон», — деди Жумагазиев.

Ал милиция тарабынан 15 манжа изи табылгандыгын кошумчалады. Алар экспертизага жөнөтүлгөн.

«Себепбийликти сындоо»

«Алиби» гезитинин негиздөөчүсү Бабырбек Жээнбеков гезиттин кеңсесинин эшигин басылманын кыргыз бийлигин сындап келгендигинен улам талкалап киргендиктерине ишенет.

«Менин оюмча, мында уурулар кирди деген факт эсептелбейт. Редакциянын өтө начар жашап, эч кандай материалдык баалуулуктарга ээ эмес экендигин баары билет. Мен бир гана версияны калтырам: алар редакцияга маалымат алуу же бийликтин абийирин кетирчү материалдарга жетүү үчүн киришкен», — деди ал.

Анын айтымында, акыркы кездерде гезит президентти, премьер-министрди жана депутаттарды «катуу сындап келүүдө».

«Мен редакцияга бийлик башында тургандардын буйругу боюнча киришкен болуш керек деп эсептейм», — деп божомолдоодо Жээнбеков.

Ошондой эле басылманын ээси окуя анын уулу — оппозициялык депутат Равшан Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Менин уулум дайыма маалымат каражаттарына чыгып, жеке президентти жана өкмөттү ачык сындап келет. Ошондуктан мен уулума же биздин басылмага жамандык кылуу үчүн бийлик тараптан жасалган өч алуу болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайм», — деп эсептейт ал.