Бурулайдын өлүмү боюнча соттолгон адам апелляциялык арыз жазды. Ал 12-февралда каралат

Бишкек шаардык соту 12-февралда Бурулай Турдалы кызын ала качууга жана өлтүрүүгө айыпталган Марсбек Бөдөшовдун апелляциялык аразын карайт.

Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаты Назира Абдумуминова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, Бөдөшовдун апелляциялык арызын кароо боюнча алгачкы сот отуруму 12-февраль саат 16:00гө дайындалган.

Бишкектин Свердлов райсоту Марсбек Бөдөшовду 2018-жылы декабрда мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Бөдөшов мажбурлап никеге туруу үчүн кыз ала качуу жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү тууралуу беренелери боюнча соттолгон. Андан тышкары, сот Бөдөшовду Бурулайдын үй-бүлөсүнө 800 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бөдөшов күнөөсүн мойнуна албай сотто чечимге макул эместигин билдирген. Анын айтымында, кызды өлтүргөн учур анын эсинде жок.

• 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын 2018-жылы 27-майда өлтүрүп кетишкен. Милиционерлер аны ала качкан эки бала менен Жайыл РИИБне алып келишкен. Ошол жактан кыз бычак жеп, кийинчерээк кайтыш болгон. Милиционерлер аны ала качканардын бирөөсү Марсбек Бөдөшов өлтүргөн деп айтышкан. Алардын айтымында, Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, анан өзүнө да кол салган.

• Ошол күнү кечинде Бөдөшов Бурулайды экинчи жолу ала качууга аракет жасаганы менен аны милиция кармап калган. Биринчи ала качуу 4-майда болгон, бирок анда Бурулайды үйүнө жеткирип беришкен, бирок кыздын үй-бүлөсү милицияга арыз жазган эмес.

• Бурулайдын өлүмү өлкөдөгү көйгөйлүү ала качуу тууралуу гана эмес, кыргыз милициясынын компетенттүүлүгү маселеси боюнча да коомдук резонанс жараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү кыздын өлүмүн дыкат иликтөөнү тапшырган.

• Бул сот процессинен тышкары, Бурулайдын өлүмү боюнча дагы бир процесс бар — ал «Шалаакылык» беренеси боюнча беш милиционердин үстүнөн сот териштирүүсү. Алар кызды ала качкан адам менен бир бөлмөдө калтырып коюшкан делип айыпталышууда.