Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн билдирди.
Ага 12 депутат кирди:
- Каныбек Иманалиев («Ата Мекен» фракциясы);
- Өмүрбек Бакиров (КСДП фракциясы);
- Евгения Строкова (КСДП фракциясы);
- Кожобек Рыспаев (КСДП фракциясы);
- Максатбек Эгембердиев (КСДП фракциясы);
- Талант Мамытов («Республика — Ата Журт» фракциясы);
- Бактыбек Райымкулов («Республика — Ата Журт» фракциясы);
- Жыргалбек Турускулов («Республика — Ата Журт» фракциясы);
- Канатбек Исаев («Кыргызстан» фракциясы);
- Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясы);
- Алтынбек Жунус уулу («Өнүгүү — Прогресс» фракциясы);
- Бактыбек Турусбеков («Бир Бол» фракциясы);
Депутаттар Атамбаевди «чимкирик парламент» тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин кол тийбестиктен ажыратуу маселеси боюнча комиссия түзүүнү чечишкен. Экс-президент бул сөздөрдү 8-июнда КСДПдагы тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып айткан эле.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «эл экс-президентти камакка алууга жол бербейт» деп билдирди.
16-майда президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу механизми тууралуу мыйзамга кол койгон. Документ жаңы процедураны киргизет жана ага ылайык, мамлекеттин мурдагы башчысы сот адилеттигинин алдында коргоодон ажыратылышы мүмкүн, демек жоопкерчиликке тартылышы да мүмкүн — бирок ал президент болуп турган кездеги иштери үчүн гана.
Ошондой эле мыйзам мурдагы президенттерге саясий ишмердик кылууга тыюу салат, мисалы, партияны башкарууга же анын мүчөсү болууга — бул үчүн алар өмүрлөрүнүн аягына чейинки мамлекеттик материалдык колдоодон ажырап калуулары мүмкүн.
Кыргызстанда экс-президент макамына ээ эки адам бар — Кыргызстанды 2010-жылы апрель революциясынан кийин башкарган Роза Отунбаева жана 2011-жылы алты жылга шайланган Алмазбек Атамбаев.
ТЕМА БОЮНЧА: