Спикер Жумабеков аялынын бизнесин үч жыл бою салык кызматынан жашырган — Politmer.kg

Politmer.kg басылмасынын журналисттери парламенттин спикери Дастан Жумабековду өзүнүн жана аялынын бизнесин үч жыл бою салык кызматынан жашырган деп айыпташты.

Жумабеков 2015-2017-жылдардагы салык декларациясында өзүнүн ар жылдык жеке кирешесин гана көрсөтүп келген. Ал сумма 700 миң сомдон бир аз ашык болгон, бирок ал бул декларацияларда туугандарынын кирешелерин көрсөткөн эмес.

Спикердин аялы эмнелерге ээлик кылат?

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, спикердин жубайы Алина Кушубекова «Ал-Био Фарм» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана директору болуп саналат. Бул фирма дарыларды сатып иштейт.

2018-жылы «Ал-Био Фарм» компаниясы салык жана башка төлөмдөр катары 93 миң сом төлөгөн. Мындан тышкары, компанияга Бишкектеги эки дарыкана кампалары таандык.

Бирок Жумабеков өзү 3-июлда болуп өткөн басма сөз жыйыны учурунда анын жубайы «Ал-Био Фарм» компаниясында башка иштебей тургандыгын билдирген. Бирок юридика боюнча, Кушубекова дагы деле компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири жана директору катары көрсөтүлгөн.

«Дастан Жумабековдун аялынын бизнеси декларацияда көрсөтүлгөн эмес, бирок ал жакын кишиси болуп эсептелинет. Бул бизнес акыркы үч жылдан бери иштеп келе жатат. Тилекке каршы, мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү мыйзамдын нормаларын сактабай ишкерлик кылып келишет. Бул туура эмес көрүнүш», — деп жазган журналист Наргиза Нанакеева.

Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматтар боюнча, Жумабеков «Артисбек Ата балдары» айыл чарба кооперативинин негиздөөчүлөрүнүн бири жана директору болуп саналат. Бирок, маалыматтык базада салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери жок болгондуктан, спикердин компаниясы канча салык төлөгөнү же деги эле салык төлөгөнбү же жокпу журналисттерге белгисиз.

Спикердин басма сөз катчысы Элвира Темир кызы Жумабековдун салыкты ыктымал жашыргандыгы тууралуу маалымат боюнча «Клоопко» комментарий бере алган жок.

Президент Сооронбай Жээнбековдун келиши менен мамкызматкерлер менен депутаттардын декларацияларын текшерүү боюнча кампаниянын башталышы тууралуу билдирүү тараган. Текшерүү 2018-жылдын жайында эле башталган. Салык кызматынан эгер алар декларацияларда дал келишпестиктерди табышса, бул маалыматтарды башкы прокуратурага өткөрүп беришээрин маалымдашкан.