UFC Антонина Шевченконун чехиялык спортчусу Люси Пудиловага каршы күч сынашуусун «кечтин таймашы» деп атады. Спортчулардын экөөсү тең таймаш үчүн 50 миң доллардан алышат. Турнир 3-августтан 4-августка караган түнү АКШнын Ньюарк шаарында өттү.
Шевченко атандашына тумчуктуруу ыкмасын колдонуп, экинчи раундда жеңишке жетти — анын каршылашы эс-учун жоготуп баштаганда таймаш токтотулган. Бул Шевченконун UFC турнириндеги экинчи жеңиши.
Антонина Шевченко 57 кг салмакка чейинки мушкерлердин ТОП-15ине кирет. Анын кичүү сиңдиси Валентина Шевченко — ушул эле категорияда UFC версиясы боюнча мушташтын аралаш түрү боюнча чемпиону.
Эже-сиңди Шевченколордун улуусу UFCге салыштырмалуу жакында эле келген. Ал мурдараак бир нече жолу тай боксу боюнча дүйнө чемпиону болгон.
UFC же абсолюттук мушташ чемпионаты (Ultimate Fight Championship) — бул аралаш эрежелер боюнча таймаштарды өткөрүүчү спорттук уюм — MMA (Mixed Martial Arts).