«Аялына бензип чачып, газга тамак жасоого мажбурлаган». Аял алган күйүктөрүнөн улам көз жумган

Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 12-февраль күнү күйүктөн жабыркаган 42 жаштагы аял жеткирилип, эртеси күнү ооруканада каза тапкан. Сокулук РИИБинин милиция кызматкерлери маркумдун өлүмүнө шектеп күйөөсүн кармашкан.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү кишиге «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айып тагылып, ал убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлө Сокулук районунун айылдарынын биринде жашаган. Маркумдун шектелип аткан күйөөсү үйгө өтө мас абалда келип, аялына бензин чачып, өзү үчүн газ плитасында тамак жасоого мажбур кылган. Аял газды күйгүзөөрү менен аны жалын каптап кеткен.

Милиция 2020-жылдын башынан тарта аялдарынын өмүрүнө кол салган күйөөлөрү жана аларды өлтүргөн учурлар тууралуу утур-утур маалымдап келет.

Ысык-Көл облусунда күйөөсү жубайына бензин чачып, өрт койгон — аялы тирүү калганы менен коркутуулардан улам күйөөсүнө каршы жазган арызын чакыртып алган. Бирок милиция кылмыш иши ЖМКларда чагылдырылган фактысына жана кылмыштын өзү оор болгондугуна таянып, ишти токтотпой тургандыгын маалымдаган. Шектүү киши ТИЗОго киргизилип, ал эми кылмыш иши «Адамдын өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынган.

Мындан тышкары, жыл башында Баткен жана Нарын облустарында эки аял күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан. Кийинчерээк маркумдарды күйөөлөрү байма-бай сабап турганы белгилүү болгон.

Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомдо кызуу талкуу жараткан. Ошондой эле маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ал эми өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аялдар менен балдардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген.

ЖМКлар мындай адам өлтүрүүлөр тууралуу дээрлик ай сайын кабарлап турганы менен бул ачыкка чыгып кеткен учурлар гана. Милиция 2019-жылы күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан аялдардын өлүмү тууралуу маалыматтарды бир нече ирет ырастаган. Ага ылайык, алардын арасында октон, бычактан жарадар болгондор да бар. Ушундай кылмыштар Кыргызстандын бардык облустарында болуп келет.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт: