Республикалык штаб өткөн суткада Кыргызстанда дагы 5 медициналык кызматкерде COVID-19 аныкталганын кабарлады. Коронавирусту жуктуруп алган медицина кызматкерлердин үчөөсү Нарын облусунда, калгандары Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда иштеп жаткан.
Өлкө боюнча коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 231ге жетти — алардын 166сы илдеттен айыгып, бирөө каза тапты. Өкмөт дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп берилерин маалымдады.
Саламаттык сактоо министрлиги медкызматкерлер кандай жол менен илдетти жуктуруп алганын аныктоо үчүн атайын комиссия түзгөн. Комиссиянын жыйынтыгынын негизинде иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун төлөнөт. Ал эми көз жумган медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллиондон кун төлөнүп берет.
Ошондой эле COVID-19ду жуктурган бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган. Саламаттык сактоо министрлигинин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түзгөнүн билдирген. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.
Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 931ге жетти — жаңы 25 учур катталды. Алардын ичинен он экиси каза таап, 658 адам илдеттен айыкты.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.