COVID-19дан дагы 125 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 3-июлда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 125 бейтап коронавирустан айыкты.

Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 44. Ош шаарында — 42, Ош облусунда — 15, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жетиден, Баткен облусунда үч, Нарын облусунда алты жана Талас облусунда бир адам сакайды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 2655ке жетти — бул жалпы оорулуулардын 43 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны 6767ге жетти. Анын ичинен 76 киши каза болду.