Республикалык штаб өткөн сутка ичинде коронавирус жуктурган 7 бейтап каза болгонун кабарлады.
Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле, Ош шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарында бирден бейтап кайтыш болду.
Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1 427 бейтап көз жумду. Алардын арасында расмий 73 медкызматкер бар.
4-августка карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 412 учуру катталды. Илдет жалпысынан 37 541 адамга жукту. Оорудан 28 743 адам сакайып, 7 382 бейтап стационарларда калууда.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.