Коронавирус дагы 332 кишиден аныкталды — жалпы 39 919 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 9-августта коронавирустун жаңы 332 учуру катталганын кабарлашты.

Ооруга чалдыккандардын 74үндө COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 258инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 108;

Ош облусунда — 47;

Баткен облусунда — 37;

Жалал-Абад облусунда — 33;

Чүй облусунда — 31;

Ош шаарында — 27;

Ысык-Көл облусунда — 25;

Талас облусунда — 15;

Нарын облусунда — 9 кишиде коронавирус аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 39 919га жетти. Бул статистикага коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 31 822си айыгып, 1 468 киши көз жумду. Каза болгондордун арасында 254үндө COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 1 214ндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.