Видео

Бирдиктүү валюта, ачык чек ара жана АКШдагыдай экономика. Жээнбеков Кыргызстандын ЕАЭБдеги келечегин кандай көрөт?

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «Россия-24» телеканалына маек куруп, Кыргызстандын ЕАЭБдеги ийгиликтери тууралуу, андан тышкары, ал 2040-жылы биримдикти кандай көрүүнү кыялданып атканын айтып берди. «Клооп» анын интервьюсундагы негизги билдирүүлөрдү баяндап берет.

Он жылдан бери уста баккан Ноокаттын «София Ротарусу»

Интернетте белгилүү боло түшкөн үй-бүлөлүк «Кызыл өрүк» ансамблинин түзүлгөнүнө 25 жылдан ашыптыр. Диларам Таштемирова топтун ырчысы, жолдошу Абдикарим Алимкулов гитарист.

Ирина Карамушкина «Атамбаевсиз КСДПнын» жыйынын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды

КСДП партиясынын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина 28-ноябрда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жолугушуусуна барды. Ал бөлмөнүн ортосуна чыгып, бул чогулуш — партиянын уставын бузуу деп билдирди.

Кыргызстандын атуулу Орусияда WhatsApp аркылуу ИГИЛге азгыруу үчүн 7 жылга соттолду

Кыргызстандын атуулу Атабек Рустамов, тергөөнүн версиясы боюнча, WhatsApp тайпасын ачып, анда Орто Азиядан келгендерди террорчулукка азгырып жүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылды.

Орусиядагы видео: Кыргызстандык жана казакстандык жумушчулардын массалык мушташы

Инстарграмдагы svbnews аккаунту Амурдагы газды кайра иштетүү заводунда иштеген Кыргызстандын жана Казакстандын куруучулары мушташып жатышкан видеону чыгарды. Ага караганда, мушташка жок эле дегенде 15 адам катышкан.

Бишкектин жер астындагы өткөөлүндө 6,7 млн сомдук көтөргүчтөр иштей элек

Бишкектин эки жер астындагы өткөөлүндө көтөргүчтөр дагы эле иштебей турат. Аткаминерлердин айтымында, бардыгына аларды тейлөө үчүн акчанын жетишсиздиги себеп болууда. Тейлөө үчүн ай сайын бир нече миң сомдон акча керек. Көтөргүчтөрдү орнотууга 6,7 млн сом кеткен.

Бишкекте милиционерди сүзүп кетишти. Бул эмне үчүн болгонун жана курулай курмандыктарды кантип токтотсо болоорун...

0
Кыргызстанда 2017-жылы 907 адам жол транспорт кырсыктарынан көз жумган. «Клооптун» редакциясы жолдордо курмандыктардын санын кантип азайтуу керектигин түшүндүрөт.

Видео: Жоолукчан жөө күлүктөр

Ош шаарында 17 жаштагы Асел жана 21 жаштагы Айпери жеңил атлетика менен машыгышат. Хижап кийүү кыздарга эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Анткени алар «спорт — бул сүннөт» дешет.

Редакциянын тандоосу