Депутат Мусабекова журналистти опузалаганы боюнча фракция жыйынына экинчи жолу келген жок

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова

Социал-демократ Жылдыз Мусабекова парламент өкүлдөрү анын «Алиби» гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова менен чырын териштире турган КСДП фракциясынын отурумуна экинчи жолу келбей калды. Жаңжал депутат журналист кызды опузалап жаткан аудиожазманын айынан чыккан.

КСДП парламент фракциясы 19-майда депутат Мусабекова менен журналист кыздын ортосундагы чатакты териштирмек.

Бирок Мусабекова экинчи жолу отурумга келбей калды. Фракция башчысы Иса Өмүркулов Мусабекованын келбей калышын анын ооруп жатканы менен түшүндүрдү.

«Биз маселени даярдаганбыз, бирок көрдүңөрбү, ал келген жок. Ал ооруп, тамчылатма алып жаткан экен. Ал келгенде маселе каралат», — деди ал.

Мусабекова өзү бул боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Журналист кызды опузалоо

Гезиттин журналисти Анаркулова депутат Мусабекова аны опузалаган аудиожазманы интернетке чыгарып жиберген.

«Бетиңди түздөп коём, эч ким тааныбай калат. Сен мени бүтүндөй гезитке чыгарып оскорблять этип атасың, блядь. Бетиңди түздөп коём. Үпөлсүңбү, Сүпөлсүңбү, шлюхасыңбы, проституткасыңбы, сен кимсиң антип жазгыдай? Сен кимсиң, блядь?» — дейт ал жазмада.

Мусабекова өзү Kloop.kgнин кабарчысына чын эле журналист кыз менен сүйлөшкөнүн, бирок жазып калган маек «пландалган жана монтаждалган экенин» айткан. Ал жазманын кайсы бөлүгү монтаждалганын тактаган эмес. Ошондой эле, Мусабекованын айтымында, ал журналист кызды сотко бермекчи.

Журналист кыз өзү аудиожазманын толук түрүн чыгарганын, баары жазмадагыдай болгонун айткан. Анаркулованын айтымында, ортодогу сөздү жанындагы кесиптеши уккан жана баарын ырастап бере алат. Анаркулова «Фэйсбукта» милицияга кайрылаарын жана «адилеттик издей» тургандыгын жазган.

Урушка Анаркулованын «Алиби» гезитиндеги макаласы себеп болгон, анда журналист Мусабекова Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акиминин «крышасы» экенин жазган.


ТЕМА БОЮНЧА: