«Мындан ары Жээнбековго ишенбейбиз!» — Абакиров «Инфокомдун» директорунун кармалышына каршы чыгып президенттин эксперттик кеңешинен кетти

Азис Абакиров. Сүрөт: Касым Рахманкулов / RFE / RL

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

Кыргыз программчылар ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров 18-апрелде өзүнүн фейсбуктагы барагына Сооронбай Жээнбековдун атына жазган катын жарыялады.

Абакиров өз кайрылуусунда Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук паспортторду сатып алуу боюнча «тендеринде укук коргоо органдары менен сот системасы конкурстун катышуучуларынын биринин кызыкчылыктарын одоно сүрөмөлөп жатат» деп жазган.

Ошондой эле ал УКМКнын тендердик комиссия эл аралык компаниянын паспортторду заманбап жабдууларда жасоо боюнча билдирмесин четке каккан деген версиясына күмөн санаган.

«Бул УКМК ушул компанияларга барып, ошол заманбап өндүрүштү көрдү дегенди билдиреби? [...] Качантан бери атайын кызмат ITнин экспертизасы жана алардын тендери менен иштеп калган?» — деп суроо салат Абакиров.

Мурдараак УКМК «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаев менен МККнын кызмат адамдарын тендерди утуп алган Garsu Pasaulis компаниясына «тиешелери болгон» деген шек менен кармаган.

«Мамлекеттин бардык IT инфраструктурасын жасаган жана өлкө үчүн баа жеткис салым кошкон биздин жаш адистерибиз дайыма процессти мыйзамсыз көзөмөлдөп жаткан кээ бир жогору жактагы жеке коррупциялык жана керт башын гана ойлогон адамдардын кызыкчылыктарынан жапа чегип келишет!», — деп жазган Абакиров.

Абакировдун айтымында, Кыргызстанда учурда ийгиликтүү иштеп жаткан IT-долбоорлордун бардыгы — бул 17-апрелде эки айга тергөө изоляторуна камакка алынган Абдуллаевдин эмгегинин жемиши.

«Урматтуу президент, сизге Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүү боюнча чоң тарыхый милдет жүктөлдү, биз бул нерседе сизге жардам берүүгө даяр болчубуз [...] Кыргызстандын санариптешүүсү чоң суроо жаратып калды! Биз сиз менен макул эмеспиз, урматтуу президент! Мындан ары сизге ишенбейбиз!» — деп жазган Абакиров.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, Garsu Pasaulis өз атаандаштарына караганда 253 млн сомго көп сумма сунуштагандыгына карабастан тендерди утуп кеткен.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.

Ошондой эле, МККнын башчысы Алина Шаикова тендер «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» өткөн деп билдирген.