Нарын: Ооган кыргыздары үй-бүлөлөрүн багуу үчүн картон кагаздарын терип жүрүшөт

Сүрөт: Акипресс

Коомдук тармактарда 2019-жылдын мартында бийлик бир жарым жыл мурда Ооганстандан Нарынга көчүрүп келген этникалык кыргыздар шаардын базарларында коробка чогултуп жүрүшкөнү тартылган сүрөттөр пайда болгон.

Ооган кыргыздарынын бири Жайчибек Абдикарим уулу акыркы үч айдан бери кайын атасы экөө картон кагазын терип жүрүшкөнүн жана түшкөн акчага азык-түлүк сатып алып жатышканын «Турмуш» басылмасына курган маегинде айтып берген.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик аларга жумушка орношуу үчүн шарт түзүп бербегендиктен картон кагаздарын терип сатып жүрүшөт.

«Соода борборлордун бириндеги ашкана иштеткен Нурлан деген байке тараза алып берген. Ошол таразага күнүгө тартып, канча килограмм болгонун эсептеп, жазып турабыз. Күнүгө 30-40 килограммдай картон чогулат», — дейт Абдикарим уулу.

Ал чогултулган картон кагаздарын бардыгын ашкананын ээсине өткөрүп беришээрин, ал эми Нурлан аларды Бишкекке жөнөтүп, түшкөн акчаларды памирликтерге берээрин кошумчалады.

«2018-жылы майда батирге чыктык [...] Ага чейин Нарын районундагы Миң-Булак айылынын кыштоосунда мал багып иштеп жүрчүбүз. Кийин батирге кирип, 5 айдын ижара акысын төлөдүк», — деди ал.

Ал мамлекет күз-кыш маалында батир акчасын төлөп бергенин, бирок кийинчерээк Ооганстандан келген этникалык кыргыздарга батир акысын кайрадан өздөрүнө картон кагазын чогултуудан түшкөн акчага төлөөгө туура келгенин кошумчалады.

Картон кагаз чогултуу да — «эмгек»

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева «Клоопко» картон кагазын чогултуу да — «эмгек» экенин айтты.

«Бизде Нарында деле таштанды полигондорунда, базарларда макулатура чогулткан шаар тургундары бар. Алар колдорунан келген жумуштарды аткарып жатышат. Мунун эч кандай уяты жок, бул адал эмгек», — деп түшүндүрүп берген Ибраева «Турмуш» басылмасына.

Ал Кыргызстандын бийлиги ооган кыргыздарын Кыргызстанга өздөрүнүн суранычтары боюнча балдарына билим берүүгө жардам берүү үчүн алып келишкенин түшүндүрдү.

«Булардын "окууну бүтүп, кесипке ээ болуп, диплом алып алсак же окууну андан ары да улантсак" деген пикирлери да бар. Канча убакытка алып келингенин так айта албайм. Билим алып бүткөнчө бул жакта болушат. Учурда 18 бала билим алууда», — деди Ибраева.

Анын маалыматына ылайык, Нарын облусунда памирлик кыргыздардын 10 үй-бүлөсү жашайт. Мамлекет аларга социалдык жөлөкпулдарды жана тамак-ашка деп каражат чегерип берип турат — бул айына 7000 сомдун тегерегиндеги акча.

«Алардын ичинен жалгыз эле ушул үй-бүлө иштейт, кээ бирлери иштебей эле жатышат [...] Үй алып берүү маселеси көтөрүлүп, өкмөт ойлонуштуруп жатат. Июндун аягына чейин батирдин ижара акысына акча каражаты бөлүнгөн», — деп ишендирет Ибраева.

Тарыхый мекен

Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 48 этникалык кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан болжолдуу жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес.

Алар тарыхый мекенинде жашоодон көңүлдөрү калып калганынын башкы себептери катары бийлик менен өз-ара түшүнбөстүктү, начар жашоо шарты менен сиңишип кетүүгө мүмкүн болбогондугун аташкан.

Тема боюнча:

Эмне үчүн Кыргызстандан кетип жаткан ооган кыргыздары кайра кайтууну каалашпайт?