Сынактын эң мыкты беш айбасары (луноход) Айга 2017-жылы барып конот. Биринчи орунду Израилдин SpaceIL компаниясы алган. Алардын айбасары жердин табигый жандоочусуна Falcon 9 ракетасы менен жеткирилмекчи.

Google жана XPRIZE көз карандсыз фонду 2007-жылы эле Калифорнияда (АКШ) мыкты айбасар сынагын жарыялашкан.

Финалга өтүүнүн башкы талабы 2016-жылдын аягына чейин космоско учуруу боюнча келишимге кол коюу болгон. Сынактын финалына беш команда чыккан. Алар: Израилдин, АКШнын, Жапониянын, Индиянын жана 15 өлкөнүн атынан куралган бир эл аралык командалары.

Джон Уолкер и Казуя Йошида - участники разных команд, что не мешало им вместе проводить эксперименты.
Жон Уолкер жана Казуя Йошида - ар кайсы командалардын катышуучулары, бирок бул аларга чогуу тажрыйба жүргүзүүгө тоскоол болгон эмес.

Жеңиш үчүн айбасар үч тапшырманы аткарышы керек эле: Айдын кыртышына жеңил конуп, 500 метр аралыкты басып өтүшү жана Жерге жакшы сапаттагы сүрөт жана видеолордун тартып жөнөтүшү керек болгон.

Тапшырмаларды аткаруу учурунда 16 команда ат салышып, алардын ичинен беши алдыга суурулуп чыккан.

Биринчи орунга Израилдин SpaceIL командасы татып, 20 миллион доллар өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болгон.

Жеңип чыккан команда 2007-жылы сынакка катышуу үчүн каттоого акыркы мүнөттөрдө үлгүрүп калган. Командада үч мүчө бар. Алар: Ярив Баш, Кфир Ямари жана Йонатан Вайнтрауб. Google Lunar XPRIZE сынагы башталганда алардын баарынын жашы 30дан төмөн болгон.

Азыр алар команданын негиздөөчүлөрү, ал эми команданын жетекчиси Эран Привман. Сынакка катышкан жылдар аралыгында команданын катары дагы 20дай адам менен толукталган.

Мындан тышкары SpaceIL командасынын өзүнүн жеке билим берүү программасы бар. Ага миңдеген ыктыярчы окуучулар жана студенттер кирет.

Модуль Sparrow
Sparrow модулу

Сынакта 2-орунду алган команда Калифорниядагы Moon Express болуп калды. Ал беш миллион доллар өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болгон.

Калифорнийские стартаперы из Moon Express.
Moon Expressтин калифорниялык стартаперлери.

Америкалык команда жеке булактардан каржыланып, 40 адамдан турат. Компаниянын негиздөөчүлөрү Роберт Ричардс, Нэвин Жейн жана Барни Пелл. Кийинчерээк алардын катарын инженер Тим Пикенс, илимпоздор Поль Спадис менен Жек Бернс толуктаган.

Команда Moon Express в своем офисе в Калифорнии.
Moon Expressтин командасы өзүнүн Калифорниядагы офисинде.

Өзүнүн MX-1E модулун Айга америкалык команда Rocket Lab аэрокосмостук стартабынын Electron ракетасы менен учурат. Ракета космоско NASAнын консультациясы менен Жаңы Зеландиядан учат. Moon Express АКШнын өкмөтү Айга учууга уруксат эткен алгачкы жеке компания болуп калды.

Сынакта жеңип чыккан калган үч команда өз ара беш миллион долларды бөлүп алышат.

3-орунду 15 өлкөдөн куралган эл аралык Synergy Moon алды.

Член команды Synergy Moon.
Synergy Moon командасынын мүчөлөрү.

Команда өз айбасарын Neptune 8 ракетасынын жардамы менен жөнөтөт. Ракетаны текшерүү 2017-жылы өтөт.

Synergy Moon төрттөн ашык командадан куралган. Алар өздөрүн «авантюристтердин, ишкерлердин, сүрөтчүлөрдүн жана ойлоп табуучулардын» курамасы деп аташат. Команданын жетекчиси Небойша Станоевич.

Ошондой эле бул топко Мария Каталина, Кевин Мирик, Ранда Миллирон, Азур Дервисагич жана Мирослав Амбрас-Кистер киришет.

Индия жана жапон командалары натыйжада өз күчтөрүн бириктиришкен. Алар Индия космостук агенттиги иштеп чыккан PSLV ракетасы менен келишим түзүшкөн.

Индиянын атынан чыккан команданын аталышы Team Indus.

Team Indus
Team Indus

Индиянын командасынын жетекчиси Рахул Нараян. Аны менен чогуу айбасарды жасагандар: Дилиб Чабрия, Шилика Равишанкар жана Нармал Сураджа.

Индиялык инженерлер жасаган айбасарды долбоордун башка катышуучулары кебетесине карап ВАЛЛ-И деп атап коюшкан.

Индийский луноход.
Индиянын айбасары.

Жапониянын атынан чыккан команда Hakuto. Команда ондогон илимпоз, инженер жана техниктерден турат. Топтун жетекчиси Такеши Хакамада.

Такеши Хакамада.
Такеши Хакамада.

Hakuto космостук робототехника тармагында дүйнлөлүк лидер. Команда бир гана айбасарларды эле эмес, марсбасарларды да жасашат.

Казуя Йошида.
Казуя Йошида.

Жапон айбасарынын конструкциясы өзгөчө. Ал аймакты 360 градус көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Индия жана жапон айбасары Индиянын Шрихарикоте жергесинде Айга жөнөтүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: