Кыргыз спортчулары кышкы Универсиадага форма жана керек-жарактарсыз узатылды

Алматыдагы Универсиаданын салтанаттуу ачылышында кыргыз спортчулары бирдиктүү форма менен чыккан жок. Ал эми лыжаларды болсо кыргыз спортчуларына старттын алдында казак кесиптештеринен сурап турганга туура келген.

Алматыдагы Дүйнөлүк кышкы универсиада оюндарынын салтанаттуу ачылышында кыргыз спортчулары ар кандай спорттук кийимдерди кийип чыгышты — Кыргызстан өз курамасы үчүн эч кандай бирдиктүү форма даярдаган эмес.

Кыргыз спортчуларына кышкы керек-жаракты (экипировка) эки жылда бир берээри белгилүү болду. Ал эми өз формаларын алар 2017-жылдын февраль айынын ортосунда өтө турган Саппородогу (Жапония) Азия оюндарында гана ала алышат.

«Алардын (спортчулардын) көпчүлүгү Универсиададан кийин Жапониядагы Азия оюндарына барат. Ал эми жобо боюнча кышкы керек-жарактар эки жылда бир гана жолу берилет. Ошондуктан аны Азия оюндарына гана берүү боюнча чечим кабыл алынган», — деди «Бешинчи каналга» курган маегинде жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурдин Султанбаев.

Кыргыз курамасынын бирдиктүү кийими болгон эмес жана спортчуларга мелдештерге катышуу үчүн керек-жарактар да берилген эмес.

Ар кандай дисциплина болгонуна карабастан лыжачылар менен биатлончулар бирдей лыжаны колдонушкан.

Кыргыз спортчуларынын керек-жарактары.

«Биатлончулар коньки лыжаларын тээп, классикада болсо атайын лыжабыз жок болсо да чуркашты. Старт күнүндө ары-бери жүгүрүп, казактардан сурап турганга туура келди», — деди биатлон боюнча машыктыруучу Александр Левданский «Бешинчи каналга» курган маегинде.

Лыжачылар менен биатлончулардын машыктыруучусу да бирөө болгон. Натыйжада машыктыруучу Александр Левданский 2-февралда лыжачылар менен биатлончулар бир убакта мелдешке чыгыш керек болуп калганда бир топтон кийинки топко ары-бери чуркап жүргөнгө туура келген.

Лыжачылар менен биатлончулар бир спорттук объектте, «Алатау» лыжа-биатлон комплексинде мелдешкен.

Кыргыз биатлончусу Кундуз Абдыкадырова. Сүрөт: Limon.KG.

Кыргызстанда мындай спорттук комплекстер жок, ошондуктан Универсиадага чейин кыргыз курамасынын спортчуларына тоолордо машыгууга туура келген.

«Өлкөдө лыжа үчүн болсун, биатлон үчүн болсун бир дагы стадион жок. Карда жүргүчтүн жардамы менен өзүбүз трасса даярдайбыз. Тоодо 2-3 трасса даярдап алып, ошол жерде тебебиз. Ал эми атканга такыр жер жок. Тирге лыжачан бара албайсың да», — деди Александр Левданский «Бешинчи каналдын» журналисттерине.

Лыжачылар Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев. Сүрөт: Игорь Гарагуля, Ryce Travel Karakol.
Лыжачылар Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев. Сүрөт: Игорь Гарагуля, Ryce Travel Karakol.

Кышкы Универсиадада Кыргызстандын атынан тогуз спортчу спорттун алты түрү боюнча күч сынашат — сноубординг, ски-кросс, лыжа спорту, биатлон, слалом жана көркөм муз тебүү.

Алматыдагы Дүйнөлүк оюндар 29-январда башталып 8-февралга чейин болот.

Кыргызстандык спортчулар февраль айынын ортосунда Жапониядагы Азия оюндарында ат салышмакчы. Азия оюндары 19унан 26-февралга чейин созулат. Спорт боюнча мамагенттик Азиадага даярдык жана катышуу үчүн тогуз миллион сом жумшаларын айтууда.


ТЕМА БОЮНЧА: