Тажикстан кар көчкү менен күрөшүү үчүн кошуналардан жардам сурады

Тажикстанда 40тан ашуун кар көчкү жүрүп, адамдардын өлүмүнө чейин алып барган учурлар катталды. Адамдар эвакуацияланып жолдор тосулду. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кошуна өлкөлөргө кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча жардам сурап кайрылды.

Тажикстандын ТИМи элчиликтерге жана эл аралык уюмдарга кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча жардам сурап кайрылды.

«Биринчи кезекте тиешелүү техника жана жабдыктар, курулуш материалдары, медикаменттер, медициналык жабдыктар, көчкү жана сел тосмолору жана ошондой эле жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү керектелет», — делет ТИМдин билдирүүсүндө.

Тажикстандын тоолуу аймактарындагы кардын көп жашынан улам массалык түрдө кар көчкүсү катталган. Өзгөчө кырдаалдар комитети (ӨКК) жок эле дегенде жети адамдын каза болгонун билдирүүдө — баары жолдо баратып кар көчкүдө калган айдоочулар.

«Настоящее время» сайты сегиз адамдын набыт болгонун кабарлоодо.

ӨККнын адистери кар көчкү болгон жерден карды күрөө иштерин улантууда. Алар дагы жаратылыш кырсыгынын курмандыктары чыгышы мүмкүн экенин айтууда.

Кар көчкүсү өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жолдордо жүргөн: Дүйшөмбү-Кожент, Дүйшөмбү-Жергетал, Хорог-Ишкашим жана Хорог-Дарваз. Учурда кар көчкү жүрүү коркунучуна байланыштуу Дүйшөмбү-Кожент жолунун 54- 71-километрине чейин жабык турат.

«Авеста» тажик маалымат агенттиги кабарлагандай, автожолдон карды тазалоо үчүн Innovative Road Solutions (IRS) жол кызмат компаниясы алты техника бөлүп берген. Жеринде чукул кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн күнү-түнү штабдар иштөөдө.

Тажикстандын тоолуу аймактарында ири кар көчкүсү январдын аяк ченинде да жүргөн. Анда Дүйшөмбү-Кожент трассасынан 800дөй жүргүнчү, 50 унаа жана 150 жеңил машина эвакуацияланган.

Кардын деңгээли айрым аймактарда он метрге чейин жетип, жолду тазалоодо кыйынчылыктарды туудурган.

Сүрөт: Asia-Plus
Видео: Настоящее время


ТЕМА БОЮНЧА: