ИИМ Каракөл милициясынын начальнигин текшерет

ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы Жалал-Абаддын Каракөл шаарындагы милициянын начальнигин текшере башатады. Жергиликтүү тургундар милицияга каршы арызданышып, анын кызматтан алынышын талап кылышкан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге билдиргендей, Каракөл шаарындагы милициянын начальниги Калык Айтбаевди өздүк коопсуздук кызматы тешерүүгө ала баштаган.

Сейитов кызматтык текшерүү жүргүзүлүшүнө эмне негиз болгонун айткан жок. Бир канча күн мурун жасаган видео кайрылуусунда жергиликтүү жашоочулар милициянын негизсиз ишмердигине арызданышып, Айтбаевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

«Биздин ага бере турган суроолорубуз бар. Азыр [Айтбаевге карата колдонула турган чаралар жөнүндө] жыйынтык чыгаруу эртелик кылат. Бардык чечимдер текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин чыгат», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын начальниги.

Каракөлдүктөр 2-июлда митингге чыгышып, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон аларды жергиликтүү милициянын начальниги Калык Айтбаевден коргоого алышын суранышкан.

Буга чейин Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз катчысы Сажира Кызырова Kloop.kg менен болгон маегинде жергиликтүү тургундар рейд жүргүзүлгөндүгү үчүн митингге чыгышып, милиция менен «урушушканын» айткан.

Каракөлдүктөрдүн бул жыл ичиндеги биринчи жолу арыздануусу эмес. Март айынын ортосунда Каракөл шаарынын мэри Иляз Эркеев милициянын начальниги Айтбаевди кызматынан кетирүү керектигин айткан, себеби ал жергиликтүү тургундардын арыздарын иликтебей жүргөн.

«Шаар тургуну милицияга белгисиз адамдар тогуз баш эшегин уурдап кетишкенин жана алардын эти кийинчерээк табылганын айтып арыз жазган. Бирок иш иликтенбей, жабылып калган. Милиция жергиликтүү бийлик менен бирге иштеши керек», — деп билдирген Эркеев.

Айтбаев 2013-жылы кылмыш иши боюнча күнөөлүү катары өткөн. Анда ага «мыйзамсыз текшерүү жүргүүзүү» жана «кызматтык укуктарынан аша чаап пайдалуу» боюнча айып тагылган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: