КСДПдан чыгарылгандар «партияны уурулар менен коррупционерлерден» тазалоого чакырышты

Ренат Самудинов менен Сагынбек Абдрахманов КСДПдагы мурдагы партиялаштары менен кыргызстандыктарга өздөрүнүн кайрылууларын окушту.

КСДП партиясынын жаштар канатынын мурдагы башчысы Ренат Самудинов менен президенттикке талапкер Сагынбек Абдрахманов 2010-жылдагы апрель ыңкылабына арналган эстеликтин жанында өздөрүнүн кайрылуусун окушту.

Самудинов менен Абдрахманов «партияны тазалоого» чакырышып жана кезексиз съезд өткөрүп, партиянын «мыйзамсыз» органдарынын кайра шайлануусу боюнча аракет көрүшөөрун билдиришти.

Исключенные из СДПК Ренат Самудинов и Сагынбек Абдрахманов зачитывают обращение к партии. Подробнее: https://kloop.kg/blog/2017/08/11/127509/

Posted by Kloop on Thursday, August 10, 2017

«Биз КСДПнын катарын уурулар менен коррупционерлерден тазалайбыз, биз үчүн ыйык болгон КСДПнын атын жамынып алып мыйзамсыздык жана оюна келгенди кылып жаткандардын атын ачыкка чыгарабыз», — деп билдиришти алар.

КСДПнын катарынан чыгарылгандар өздөрүнүн тизмесинен эки ысымды аташты. Алар: президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков менен КСДПнын мүчөсү болгон Искендер Матраимовдун агасы, учурдагы бажы кызматынын орун басары Раим Матраимов.

Самудиновдун айтымында, КСДПга «партиянын духу менен көз караштарына» туура келбегендер «чогулуп» алышкан.

«Кечээ бизди темир тор артына ыргытып, бизди шылдыңдашкандар билинбей эле партиянын биринчи катарына чыгып алышты. Ал уят-сыйдан кеткен адамдар биздин ак ниеттүүлүгүбүз менен адептүүлүгүбүздү колдонуп КСДПга жетип алышып, эми алар биздин атыбыздан Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, министр, губернатор жана мэр болуп отурушат», — деп билдиришти саясатчылар.

Самудинов менен Абдрахманов 9-августта партиядан чыгарылышкан. Расмий себеби катары КСДПнын уставын бузуу аталган.

Партиянын эки мүчөсү тең КСДПнын ичиндеги эрежелерге макул эмес болушкан. Самудинов КСДПнын ичинде президенттик шайлоого бирдиктүү колдоого алынган талапкерди чыгаруу үчүн праймериз өткөрүү сунушун киргизген. Ал эми Абдрахманов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого аттанган.

КСДПнын мүчөлөрү азырынча комментарий берүүгө жеткиликсиз болушууда. Партиянын саясий кеңешинен Марат Аманкулов Kloop.kgнин кабарчысына жыйын болуп жатканын айтып кечирээк телефон чалууну суранган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: