Кыргыз сапармандарын орус-казак чек арасынан өткөрө башташты

Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында кыргыз номерлүү 100гө жакын жүктүү фуралар бир жума турушкан. Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин сапармандарды чек ара аркылуу өткөрө башташкан.

«Спутник» басылмасы фуралардын айдоочуларынын бирине таянып, кыргыз сапармандарын орус-казак көзөмөл-өткөрмө бекетинен өткөрө башташканын билдирүүдө.  

Буга чейин интернетке видео жарыяланган, анда Оренбург облусундагы орус-казак «Жайсан» өткөрмө бекетинде кыргыз номерлүү 100гө жакын фуралар токтоп турганы маалымадалган.

«Айдоочулардын турганына бир жума болду, ачка болушту. Мына ушундай биздин бийликтин бири-бирине болгон түшүнүгү. Кыргызстандыкынан башка ар бир өлкөнүн машиналарын өткөрүшүүдө», — деп айтылат видеодо.

Буга чейин Кыргызстандын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов казак чек арачылары кыргызстандыктарды «жеңилдетилген» тартипте өткөрө башташаарын билдирген.

Чек арадагы кырдаал 18-октябрда эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын ортосунда болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жакшыра баштаган.

Эки өкмөттүн башчылары жүктөрү бар жеке жактар, жүргүнчү ташыган автобустар жана бош оор жүк унаалары чек арадан «жеңилдетилген тартипте» өтө башташаарын келишишкен.

Бирок аткаминерлерлер жүктүү фуралар боюнча маселени беш күндүн аралыгында чечүүнү убада кылышкан.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн, бул тез бузула турган азыктарды ташыган оор жүк унааларынын километрлеп созулган тыгындарынын чыгышына алып келген.

Казак чек арачылары өздөрүнүн иш аракеттерин террористтер менен кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн жана фитосанитардык эрежелерди бузгандарды издөө бөюнча «пландык операция» менен түшүндүрүшкөн.

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин чек арадагы кырдаал оорлошо баштаган.

Иллюстартивдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА: