Freedom House: Кыргызстанда интернет эркиндиги начарлады

Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму «Интернеттеги эркиндик» баяндамасын жарыкка чыгарды. Анда Кыргызстан кайрадан «жарым жартылай эркин» интернетке ээ болгон өлкөлөрдүн тизмесине кирди.

Изилдөөчүлөр ар бир өлкөгө 0дөн 100гө чейин упай беришкен — упай канчалык аз болсо, интернет эркиндиги ошончолук жогору бааланат. Бул көрсөткүчтөр топтолгон натыйжалардын негизинде алынган жана өлкөлөргө «эркин», «жарым жартылай эркин» жана «чектелген» интернетке ээ деген макам берилген.

Кыргызстан рейтиңде 37 упай алып, «жарым жартылай эркин» интернетке ээ болгон өлкөлөрдүн катарына кирген. Бир тепкич жогоруда Түштүк Корея, ал эми бир сап төмөндө Тунис жайгашкан.

Былтыркыга салыштырмалуу Кыргызстан интернетке жеткилик алуу индексинде өз ордун төмөндөткөн. 2016-жылы Кыргызстан 35 упайга ээ болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: