Видео: Абактан изин сууткандар качуу себептерин түшүндүрүштү

Сокулук районунун убактылуу камоо изоляторунан качып кеткен эки шектүү кармалып, эмне себептен улам качышканын түшүндүрүп беришкен жок. Төрт шектүү качып кетишкен соң бир нече сааттан кийин экөө кармалып, дагы экөөсү издөөдө.

Милиция убактылуу камоо жайынан качып, кармалгандардын экөөсүнүнүн суракка алынып жатканы тартылган видеону таратты.

Адам өлтүрүүгө шектелген Рамил Базаркулов сурак учурунда качып кеткени үчүн өкүнүп жатканын айткан.

«Өзүм түшүнбөй калдым. Эки Бакыт, (бирөөсү Багтият) Кайрат жана мен. Бара турган жерибиз жок болчу. Бишкекке эле келгенбиз, бул жакка. Качканым үчүн өкүнөм», — деди ал.

Ал эми каракчылыкка шектелген Бакыт Дилдешов качууну бардыгы чогуу пландашканын айтты.

Оор кылмыштарга шектелип жаткан төрт адам 27-ноябрда убактылуу камоо жайынан качып чыгышып, белгисиз тарапка издерин жашырып кетишкен.

Кийинчерээк экөөсү кармалып, качакандардын дагы экөөсү — Багтият Ачылдурдиев менен Кайрат Жанботоев — дагы деле издөөдө.

Азырынча шектүүлөр убактылуу камоо жайынан кантип качып кетишкени белгисиз. Бирок «Кактус» басылмасы өзүнүн күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагына таянып билдиргендей, убактылуу камоо жайынын кызматкерлеринин кимдир бирөөсү шектүүлөргө качканга жардам берген.

Учурда прокуратура ошол күнү изолятордо кезметте болгон кызматкерлерди суракка алып жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: