Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматты аркалай баштаганына 100 күн болду. Бул убакыт аралыгында ал төрт өлкөгө барып, аймактарды өнүктүрүү жөнүндө саясасатын жарыялап, коррупция менен күрөшчүлөрдү сынга алды. Анын алгачкы 100 күнү эмнеси менен айырмаланат же эмнеси менен өзүнө чейин президенттик кызматта олтурган Алмазбек Атамбаевдин биринчи 100 күнү менен окшош?

Инаугурация

Атамбаев: Коноктор жана тышкы карыздын жоюлушу

Атамбаев кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришип, анда анын инаугурациясына Грузиянын жана Түркиянын президенттери Михаил Саакашвили менен Абдуллах Гүл келишкен. Ошондой эле, салтанатка Казакстандын, Тажикстандын жана Азербайжандын премьер-министрлери катышышкан.

Салтанат Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өткөн. Атамбаевдин инаугурациясына мамлекет 10 млн сом сарптаган. Ошол эле күнү Түркия менен Кыргызстандын өкмөттөрү Кыргызстандын 51 млн доллар өчөмүндөгү тышкы карызын кечүү боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Жээнбеков: Президенттер катышпаган инаугурация

Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп, Атамбаевдикине салыштырмалуу жупуну эле болду.  Ага 13 млн соп сарптоо пландалган, бирок бул сумма коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бийлик анын өлчөмүн 8 млн 400 миң сомго чейин азайткан.

Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанатына Кыргызстанда иштеген чет өлкөлөрдүн элчилери менен гана чакырылып, башка мамлекеттин башчыларын чакыруудан баш тартышкан.

Алгачкы кадамдар

Атамбаев: Коалициянын камын көрүү

Атамбаев өзүнүн президенттигин парламентте жаңы коалиция түзүүнү  талкуулоо менен баштаган. Ал коалиция түзүү мандатын КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырып, парламенттик комитеттердин санын кыскартууну сунуштаган.

Ал коалиция президентке сот реформасын жүргүзүүгө жардамдашышы керек деп билдирген. Атамбаев өзү президент болуп калган соң 1-декабрдан тарта КСДПнын мүчөсү болууну токтоткон.

Жээнбеков: мурдагы президентти сыйлоо

Жээнбеков өз президенттигин Атамбаевге «элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого» жана «саясий эрк жана эрдик көрсөткөндүгү»  үчүн «Кыргызстандын Баатыры» наамын ыйгаруу менен баштады.

Жээнбеков Атамбаеге наам тапшыра турганын 24-ноябрда өзүнүн инаугурациясы учурунда эле айткан. Мындан тышкары, ал «Атамбаев баштаган жолду» улоону убада кылган. Шайлоо өнөктүгү учурунда Атамбаев өзүнүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынан талапкерлигин чыгарып жаткан Жээнбековду жигердүү колдоого алган.

Бирок кийинчерээк Жээнбеков да парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушуп, алар менен өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү жөнүндө сүйлөшкөн. Анын айтымында, жарандар тарабынан болуп жаткан дооматтардын негизгилери укук коргоо органдары менен сот ситемасынын дарегине түшүп жаткан.

Алгачкы чет элдик сапар

Атамбаев: Орусия

Атамбаев өзүнүн президент катары алкачкы иш сапары менен Орусияга барган. Ал бул өлкөнү инаугурация учурунда эле «стратегиялык өнөктөш» деп атаган. Анда ал Москвада Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге жолугуп, ал менен эки тараптуу кызматташтык маселелесин талкуулаган.

Ошол жактан эле, Москвада, Атамбаев башка өлкөлөрдүн президенттери Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон жана Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Атамбаев президенттик кызматынын экинчи айында эле кайрадан Москвага жөнөп кетип, кайрадан Медведев менен кезигишкен.

Жээнбеков: Кайрадан Орусия

Кыргызстандын учурдагы президенти саясатчы Атамбаевдин ордун ээлеп, өзүнүн өлкө башчысы катарындагы алкачкы чет элдик сапарын да Орусиядан баштады. Сапар тартуунун негизги максаты «стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү» болгон. Өз сапары учурунда Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинге жана премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушкан.

Жээнбеков Орусияга болгон алгачкы сапарын «абдан маанилүү жана символикалуу» деп атаган. Ал Кыргызстан «стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү көздөйт» деп билдирген. Президенттик шайлоодогу жеңиши менен Жээнбековду биринчи болуп Путин куттуктаган, ал эми Кыргызстандын жаңы шайланган президенти өзүнүн биринчи маегин Орусиялык ЖМКлар «РИА Новости» жана ТАСС басылмаларына курган.

Ошондой эле, президент Кыргызстанда орус тили расмий макамды сактап калаарын айткан, анткени бул «достуктун жана БУУнун тилдеринин бири» болуп эсептелет.

Башка чет өлкөлөргө сапар

Атамбаев: Түркия менен байланышты бекемдөө

Атамбаев экинчи сапары менен Түркияга барып, ал жактан президент Абдуллах Гүлгө жолугуп, өлкөнүн параментинде сөз сүйлөп чыккан. Атамбаев Түркияны «кут жылдызы» жана «күчтүү демократиялуу» мамлекеттин курулушунун үлгүсү деп атаган. Мындан тышкары, ал Түркияга болгон сапарын эки өлкө ортосундагы мамилени «өнүктүрүүдөгү жаңы баскыч» деп атаган.

Жээнбеков: Казакстан менен араздашуу маселесин чечүү

Жээнбеков Орусияга барган сапарынан кийин Беларусиянын борбору Минскке жөнөп кетти, ал жакта президент Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышты. Жээнбеков ал жерден Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал жөнүндө сүйлөшкөн. Казакстан Атамбаев казак бийлигин катуу сынга алгандан кийин чек арадагы көзөмөлдү күчөткөн

Тараптар чек ара бекеттери мурдагы тартипте иштей баштап, ал эми чек арадагы маселелер «жол картасына» кол коюлгандан кийин чечилээрин макулдадышкан. Казакстандын президентинин маалыматына ылайык, Жээнбеков чек арадагы кырдаалды анын «жеке жоопкерчилигинин астында» жөнгө салууну суранган.

Борбор Азия мамлекеттерине болгон сапарлар

Атамбаев: Коңшуларга сапарсыз

Атамбаев өзүнүн алгачкы президенттик 100 күнүн Борбор Азия мамлекеттерине сапар тартпай өткөрдү — бир жагынан бул Кыргызстан жакында эле бийлик алмашууну жана өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжалды башынан кечиргени менен түшүндүрүлөт.

Жээнбеков: Бардык коңшуларга конок

Жээнбеков мурдагы президентке караганда, Борбор Азия мамлекеттерине бир аз турне жасагандай болду.

Декабрдын ортосунда Жээнбеков эки күндүк сапары менен Өзбекстанга барып, өзүнүн кесиптеши Шавкат Мирзиёевге жолукту. Ал учурда Жээнбеков Өзбекстан «дос өлкөдөн стратегиялык өнөктөшкө» айланды деп билдирген.

Мирзиёев бул сапарды эки өлкө үчүн «тарыхый» деп атаган. Ошол эле кезде Жээнбеков талаштуу Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстанга таандык болоорун, бирок андагы суунун 90 пайызын өзбекстандыктар колдонуша турганы боюнча макулдашууга кол койгон.

Декабрдын аягында Жээнбеков Назарбаевдин чакыруусунун негизинде Казакстанга жөнөп кеткен.

Эки президент тең өлкөлөр ортосундагы байлынышты бекемдөө үчүн аракет кыла тургандыктарына ишендиришкен. Жээнбеков Назарбаевди «улуу ага» жана «аксакал» деп атап, ал эми казак лидери «достук жана бир туугандык» мамилелерди сактап калууну убада кылган.

Тараптар ошентип мурда болгон макулдашууларды юридикалык жактан бекитүү менен мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшкан.

Жээнбеков өзүнүн тажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен 1-февралда жолугушуп, анда да Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулаган.

Аймактарды кыдыруу жана алардын өнүгүшү

Атамбаев: Улуттар аралык тынчтык үчүн Ошко сапар

Атамбаев өзүнүн президенттигиндеги алгачкы айларында Ош облусуна барган. Ал 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал учурунда жабыркаган ишкерлер менен студенттерге жолуккан. Анын негизги кайрылуусу өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык ынтымакты сактоого багытталган.

Жээнбеков: Нарынга болгон сапарынан кийин аймактарды өнүктүрүү идеясы

Жээбеков өз президенттигинин 100 күнүндө Нарын облусунда болуп кайтты. Бул сапардан кийин ал 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган.

Президент өкмөткө аймактардын калкын таза суу менен камсыздап, бардык облустук ооруканаларды модернизациялап жана жабдуулап, жолдорду оңдоп, мектептерди жана бала бакчаларды куруп, аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү сунуштаган.

Ошондон кийин Жээнбеков жергиликтүү бюджеттерди каржылоону көбөйтүп, жергиликтүү мамлекеттик органдарга каражаттарды өздөрү башкаруусуна мүмкүндүк берүүнү сунуштаган. Президенттин иеясына ылайык, акимдер аймактык бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик комитеттердин жетекчилерин өздөрү жумуштан бошото алышат.

Президент январдын аягында жергиликтүү кеңештердин иши начар болсо түз мамлекеттик башкарууну киргизүүнү сунуштаган. Президенттин айтымында, 2016-жылы шайлоо өткөргөндөн кийин көптөгөн жергиликтүү кеңештер айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаар мэрлерин шайлай албай коюшкан, ал эми бул өз кезегинде «мамлекеттин ишине зыян тийгизет».

«Мыйзамда мамлекеттик түз башкаруу институту бар, бирок ал бир да жолу пайдаланылган эмес. Башкаруунун ушул куралын пайдаланууга убакыт жетти көрүнөт», — деген ошондо Жээнбеков.

Коррупция менен күрөш

Атамбаев: Атамбаев «акулаларды» кармоого чакырган

Атамбаев өз президенттик кызматындагы биринчи айда Коррупция менен күрөшүү маселеси боюнча коргоо кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал коррупция менен күрөш боюнча чаралар жетишсиз экенин билдирген, анткени ал «болуп көрбөгөндөй өлчөмдөргө» жеткен.

«Коррупция бизде болуп көрбөгөндөй өлчөмдөргө жетти. Каалагандай актансак да, жана объективдүү себептерге шылтасак да болот, бирок ачуу чындыктан эч кайда жашына албайсың –өлкөбүздө коррупция гүлдөп жатат», — деп билдирген ал ошондо.

Атамбаев башкы прокурор Аида Саляновадан прокуратуранын кызматкерлеринин ишине баа берүүсүн талап кылып, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Антикоррупциялык кызматтын (АКС) директорун эгерде кызматтык кылмыштарга каршы конкреттүү жыйынтыктарды бербесе жумуштан алуу менен коркуткан.

«Бул АКСтин алдында мындай максат коюлган: майда "балыктар"менен эмес "акулаларга" каршы күрөш, түрмөдө көлөчтөрдү уурдаган эмес, өлкөгө бир кыйла зыян тийгизгендер отурушу керек», — деп билдирген Атамбаев.

Мындан тышкары, ал өлкөнүн Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын стратегиясын бекиткен.

Жээнбеков: Антикоррупционерди кызматтан алды

Жээнбеков да өзүнүн биринчи Коопсуздук кеңешинин (мурда Коргоо кеңеши) жыйынын күч органдарын жана башкы прокуратураны сындоо менен баштады. Президент аларды коррупция менен «натыйжасыз» күрөш үчүн айыптады. Анын айтымында, күч түзүмдөрү коррупцияга өздөрү «малынып» калышкан.

Президенттин айтымында, прокуратура кылмыш иштерин учурлардын сегиз пайызында гана козгоп, соттор болсо иштерди «атайылап» создуктурат, ал эми күч органдарына коррупция кылмыштуулук менен ийгиликтүү күрөшүүгө жолтоо болууда.

Жээнбеков соттор менен укук коргоо органдарынын ишине эгерде алар мыйзамдарды бузушса киришүүгө даяр экенин айткан.

Ошондой эле, президент УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматты (АКС) сынга алган — ал анын ишмердигин «натыйжасыз» деп атап,  АКСтын кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келээрин карап чыгуу зарылдыгын билдирген.

Президент өкмөткө 2019-жылдын 1-январына дейре Бишкек жана Оштун сотторунун, прокуратураларынын жана укук коргоо органдарынын кызматтык жайларында алардын кызматкерлери жарандар менен кантип сүйлөшүп жаткандарын көзөмөлдөө үчүн видео байкоо системасын орнотууну сунуштаган. Ошол эле жылдын 1-июнуна чейин мындай видеокамералар башка шаарларда да орнотулушу шарт.