Башкы прокуратура Лунара Мамытовадан чет элдик сапарлары боюнча түшүнүк кат алды

Эмгек жана соцөнүгүү министри Таалайкүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова бюджеттик каражаттарды чет элдик сапарларга коротуу иши боюнча Башкы прокуратурада түшүнүк кат жазышты.

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү аткаминерлер менен чет элдик сапарлардын чыгымдары жана бул сапарлардын учурунда диппаспорттордун колдонулушу жөнүндө аңгемелешишти. Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, маектешүү 4 саатка чукул созулган.

Министрлердин бюджеттик каражаттарга чет элдик сапарларга чыгып жүргөндөрү тууралуу биринчилерден болуп эл өкүлү Аида Касымалиева айтып чыккан. Анын айтымында, Исакунова бюджеттик каражаттарга 2017-жылы Сауд Арабиясына, Аргентинага жана Орусияга, ал эми 2018-жылы Улуу Британияга барган.

Касымалиева жарандардын каттарына таянуу менен Исакуновадан тышкары чет өлкөлөргө бюджеттин эсебинен министрдин орун басары Лунара Мамытова да барганын божомолдогон. Анын айтымында, Мамытова 2017-жылдын июлунда айыл чарба боюнча адистин ордуна Италияга, ал эми 2018-жылы майда Дүйнөлүк банктын насыя каражаттарынын эсебинен эки жолу АКШга окууга барган.

Андан тышкары, депутат Мамытованы өзүнүн жеке иштери менен Кытайдагы курорттук Хайнан аралына барышы үчүн дипломаттык паспортту мыйзамсыз колдонгон деп айыптаган.Касымалиеванын айыптарына Эмгек министрлиги Мамытова эки жыл ичинде бюджеттин эсебинен чет өлкөгө болгону үч жолу барып келген деп жооп берген.

Кийинчерээк Башкы прокуратура министрликтин жетекчилиги дипломатиялык паспортторду жеке макстат үчүн колдонгонун аныктаган. Сентябрдын ортосунда Башкы прокуратура Соцөнүгүү министрлигинин адамдык ресуртарды башкаруу боюнча бөлүмүнүн жетекчисине каршы административдик укук бузуу боюнча иш козгогон.

Иш «министрликтин иштеп жаткан жана бошотулган кызматкерлеринин дипломаттык жана кызматтык паспортторун берүүдө, пайдаланууда жана кайтарууда талаптагыдай иштерди уюштурулбагандыгына байланыштуу» козголгон. Иштин материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.