Эсеп палатасы: Каржы министрлиги өлкөнүн тышкы карызын 637 млн сомго төмөн көрсөткөн

Эсеп палатасы Каржы министрлигинин тышкы карыз жөнүндө маалыматтарын кайра эсептеп чыгып, мекеме аны 637 млн сомго бурмалаганын аныктаган.

Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, азыр тышкы карыздын көлөмү 280 млрд сомду түзөт, ал эми Каржы министрлиги 637 млн сомго ката кетирген. Бул тууралуу 12-октябрда палатанын төрагасы Улукбек Марипов «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын алдында билдирди.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов тышкы карыздын бурмаланышын «шалаакылык» деп атады. «Мунун баары министрликтегилердин илээндилигинен улам болду», — деди ал.

Андан тышкары, Марипов Кыргызстан тышкы карыздарды өз убагында төлөбөй жана гранттардын өздөштүрүлүшүн кечеңдетип, анын айынан эл аралык насыя берүүчүлөр өлкөгө штрафтык санкцияларды салып атканын кошумчалады.

Марипов мисал катары «Таза Суу» долбоору боюнча Кара-Балтадагы каналдын курулушун келтирди. Анын айтымында, курулуш кечеңдеп жаткандыктан Кыргызстан 50 миң евро штраф төлөөгө мажбур болгон.

Эсеп палатасы мамкарызды бурмалоо фактысы боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Көзөмөл органы Каржы министрлигинин жетекчилигине юридикалык баа бериши керек.