Бишкектен учуп чыккан учак Иранда кулады. Эмне белгилүү?

Сүрөт: “BELAAZ” агенттиги

«Боинг-707» учагы жергиликтүү убакыт боюнча 8:30да (Бишкек убактысы боюнча 11:00дө) Тегерандын чет жагына кулаган. Алгач Иран ЖМКлары учак Кыргызстанга таандык экенин маалымдашкан, бирок кийин «Манас» аэропорту жана иран армиясы бул маалыматты четке кагышты. Азырынча кырсыктан канча адам жабыркаганы белгисиз.

Материал 17:03дө жаңыртылган.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы маалымдагандай, кыйраган «Боинг» учагынын бортунда кыргызстандыктар жок болчу. 

ОАО "МАМ" сообщает, что грузовой самолет Boeing 707-300, разбившийся под Тегераном, действительно летел из...

Posted by Международный аэропорт Манас on Monday, January 14, 2019

«Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Клооптун» журналистине курган маегинде, Тегерандын чет жагына кулаган учак кээ бир ЖМКлар маалымдап жаткандай кыргызстандык эмес, ирандык авиакомпанияга таандык экенин айтып берди.

«Бул чартердик рейс, Бишкек — Тегеран — Паям. “Боинг-707” бүгүн 7:16да Бишкектен Паямга учуп кеткен», — деди Курбанова.

«РИА Новости» агенттигинин маалыматына караганда, кыйраган учак Иран аскер кызматына таандык.

«Бүгүн эртең менен эт ташып келе жаткан жүк ташуучу Boeing-707 учагы Бишкектен, Кыргызстандан келе жатып, Альборз аэропортуна шашылыш кондуруу учурунда кондуруу тилкесинен чыгып кетип, тилкенин чектөөчү дубалын жарып киргенден кийин күйө баштаган», — деп агенттик билдирди.

«Медуза» басылмасы маалымдагандай, учакта 16 киши бар болуп, алардын ичинен бирөөсү гана тирүү калган.  

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, конуу учурунда пилот ката кетиргендиктен учак кыйроого учураган. Андан кийин «Боинг-707» турак жайга тийип өтүп, күйө баштаган.

Текст үстүндө иштегендер: Дмитрий Мотинов, Рустам Халимов