Кыргызстанда 9-класстан кийинки окуу милдеттүү болушу мүмкүн

Сүрөт: Темир Сыдыкбеков / «Азаттык»

Парламент депутаттары мектеп окуучулары 9-классты аяктагандан кийин мектеп же коллеждерде окууну улантууга милдеттүү деп эсептешет. Алардын баамында, окууну таштагандар «көчө жашоосу менен таанышып, кылмыштуу чөйрө менен мамиле кылып кетишет».

16-январда мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алышты. Идеянын демилгечилеринин бири «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жеенчороев кесиптештерине маалымдагандай, 2017-жылы 9-класстан кийин 9 754 окуучу мектепти таштап кеткен.

«Азыр болжолдуу 170-200 миң киши орто мектептен кийин окууну уланткан эмес. Кыргызстан үчүн бул чоң жоготуу. Уландар кароосуз калып, көчөдөн тарбияланып, криминалдык топторго тартылып жатышат», — деди парламентарий.

Депутат кошумчалагандай, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы «өспүрүмдөрдү криминалдан чектейт» жана көчөнүн «терс» таасиринен арылтууга жардам берет. «Өспүрүмдөр билим берүү мекемесинде жүрүшкөндүктөн ата-энелеринин гана эмес, мамлекеттин да көзөмөлүндө болушмак», — деди ал.

Мыйзамга негизделген катта айтылгандай, 9-класстан кийин мектептен кетүүнү каалаган окуучулар баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга милдеттүү болушат — тагыраак айтканда, коллеждерге, кесиптик техникалык училище (КТУ) жана башкаларга тапшыруу. Жеенчороевдин айтымында, ушул окуу жайларында окуучулар үчүн орундар бар.

Документте белгиленгендей, керектүү билим жана көндүмдөрдүн жоктугунан кээ бир уландар кыйынчылыктар менен жумушка орношуп жатышат. Депутаттын баамында, бул жашы жете электер кылып жаткан укук бузуулардын көбөйүшүнө алып келет.

«Мектеп программасы боюнча окууну улантпаган 9-класстын бүтүрүүчүлөрү 15-16 жаш курагында жумушка кире алышпайт. Анткени, эмгек мыйзамдарындагы чектөөлөргө ылайык, жашы жете электерди жумушка алуу ишкана үчүн пайдалуу эмес», — деп айтылат документте.

Эгерде депутаттардын идеясы үч окууда тең жактырылса мыйзам долбоору 2020-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирет.

Учурда 9-класстан кийин эмне кылса болот?

9-классты бүтүргөндөн кийин окуучу негизги жалпы билим боюнча аттестат алат. Ал окууну мектептин жогорку класстарында уланта алат жана баштапкы кесиптик билимге ээ болуу үчүн КТУ же коллежге тапшыра алат. Же болбосо жөн эле мектепти таштап, өзүнүн жумуштары менен алектенет — мисалы, иштегени кетет.

Кыргызстандын Эмгек кодекси жумуш берүүчүлөргө 16 жаштан улуу жарандарды жалдоого уруксат берет. Бирок жашы жете электерди зыяндуу же кооптуу жумуштарга катыштырууга болбойт.

Кыргызстандын университеттерине мектептин 11-классын же коллежди ийгиликтүү аяктагандан кийин тапшырса болот.