Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында мүрзөдөгү чатырдын айынан пикир келишпестик жаралды

Кыргыз чек арачылары. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Баткендин чек арага чектеш Кара-Бак айылынын тургундары менен Тажикстандын Лаккон кыштагынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыкты. Кайым айтышууга кыргызстандыктардын такталбаган аймактагы көрүстөнүндө турган бастырма себеп болгон — учурда абал тынч.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан маалымдашкандай, 23-январда эки өлкөнүн жарандары өз аймактарында чогулуп, бири-бирине карата нааразычылыктарын айтышкан.

«Жеринде кайым айтыш гана болгон. Абал тынч, биз абалды көзөмөлдөп турабыз», — деди Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

Кара-Бак айылынын тургуну Шамшидин Жарматов кайым айтыш тажикстандыктар кыргыздар көмүлгөн көрүстөндөгү бастырманы алып салуу шартын койгондуктан улам чыкканын «Клооптун» журналисттерине түшүндүрүп берди.

«Бастырманын курулганына 2 жылдай болду. Аны жаан чачында аксакалдар астында туруп куран окусун деп орнотконбуз. Ошону оңдоп-түзөйүн деп жатсак, бизге кошуна жашаган тажик эли чатырчаны алып салуу талабын коюп жатышат. Бул көрүстөн мурдатан эле ата-бабаларыбыз коюлган жер да», — деди Жарматов.

Ал эми Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалай Бадалов көрүстөн такталбаган аймакта жайгашканын айтты.

«2008-жылы эки өлкө арасында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия түзүлүп, чек арага 200 метр жакын аралыкта капиталдык курулушту жүргүзбөө тууралуу чечим чыгарышкан. Бул жерде тажик тарап ушул сунушту айтып атат. Биз аларга [бастырма] капиталдык курулушка кирбейт жеңил конструкция деп түшүндүрүп жатабыз», — деди ал.

Бадалов кыргыздар көмүлгөн мүрзөдөгү бастырма маселесин чечүү үчүн 26-январда эки өлкөнүн райондорунун акимдери жолугушаарын кошумчалады.

Жергиликтүү бийликтегилердин маалыматы боюнча, Кыргызстан тараптан 60ка чукул киши чогулса, Тажикстандан 30дай адам чыккан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күнү макулдашылган соң чогулгандар тарап кетишкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы араздашуулар такталбаган жерлердин санынын көптүгүнөн мезгил-мезгили менен кайталанып келет. Бул талаш-тартыштар Союз тарагандан бери уланып келе жатат. Өлкөлөр дагы деле кайсы карталар боюнча чек араны аныктоо керек экенин макулдаша албай жатышат.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы