БУУнун адам укуктары боюнча комитети Текебаевдин ишин карайт

«Адилет» укук коргоо клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова «Клоопко» билдиргендей, 26-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы комитети коррупция боюнча соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин карап чыгуу үчүн каттоого алды.

БУУнун адам укуктары боюнча комитетине «Адилеттин» юристтери билдирмени 2018-жылы июнда тапшырышканы менен комитет аны дээрлик тогуз ай караган.

«Бүгүн биз [иштин каттоого алынганы жөнүндө] расмий билдирүү алдык. Андан тышкары, комитет биздин кайрылуу Кыргызстандын өкмөтүнө да жөнөтүлгөндүгү тууралуу кабардар кылды», — деди Жакупова.

Анын айтымында, БУУнун комитетинин сурамына жооп берүү үчүн кыргыз өкмөтүнүн алты ай убактысы болот. Кыргыз бийлигинин расмий позициясы комитетке түшкөндөн кийин, аны менен «Адилеттин» юристтери таанышып, иш боюнча өз аргументтерин даярдай алышат.

«[Комитеттин] процедуралары боюнча алар эки тараптын пикирин угушу керек. Биз өзүбүздүн далил базабызды, ал эми өкмөт бул иш боюнча өзүнүн позициясын көрсөтүшү керек. Андан кийин гана комитет бул негизге таянып чечим чыгарат», — деди укук коргоочу.

Жакупова кошумчалагандай, БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча комитетинин чечими сунуш берүү мүнөзгө ээ болгонуна карабастан, бул талаптарды аткарбоо Кыргызстандын эл аралык рейтингине жана анын донорлорлорду тартуудагы жагымдуулугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Адам укуктары жана Кыргызстандын укук системасы жөнүндөгү кийинки бардык баяндамаларында [...] бул же оң же терс роль ойнойт [...] Комитеттин талаптарынын күчү мына ушунда. Эгер өкмөт [муну] эске албаса, бул сөзсүз түрдө бардык донорлор тарабынан эске алынат», — деди ал.

15-февралда «Адилеттин» юристтери оппозиционер Өмүрбек Текебаевге чыгарылган өкүмдү кайра кароо боюнча өтүнүчү менен Кыргызстандын Жогорку сотуна кайрылышкан. Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 8 жылга соттолгон. Бирок бул мөөнөт кийинчерээк мунапыска байланыштуу 4,5 жылга чейин кыскартылган. Саясатчы эркиндикке 2021-жылы чыгышы керек.

Жакупованын айтымында, 2019-жылдын башында күчүнө кирген жаңы Кылмыш-Жаза кодексинде Текебаев соттолгон мурдагы беренелер учурда ага жеңилирээк жаза чаралары колдонулушу керектигин шарттайт. Укук коргоочу анын иши кайра каралып чыгышы керек деп эсептейт. Текебаев орус ишкери Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, саясатчы бул акчаны алган соң Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бермек.

2018-жылы ноябрда Москванын Тверь соту 37,5 млн долларды опузалап алуу тууралуу иш боюнча Маевскийди камакка алган. Эгер анын күнөөсү далилденсе ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.