Башкы прокурор: Дача-Суда кыйраган учак боюнча иш жанданды

Куткаруучулар учак кыйраган жеринде иштеп жатышат. Сүрөт: Александра Ли / Kloop.kg

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте билдиргендей, Бишкектин жанындагы кыштакка кулаган «Боинга-747» учагынын кыйрашы боюнча иш кайра жандандырылды.

Жамшитовдун айтымында, 2019-жылдын январь айында Башкы прокуратура ИИМдин ишти токтото туруу чечимин четке каккан. ИИМдин жана Башкы прокуратуранын басма сөз кызматтарынан ишти токтотууга эмне себеп болгонун «Клооптун» журналистине түшүндүрүп беришкен жок.

«Азыр тергөө жүрүп жатат, иштин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кеңири маалымат бере албайм», — деди башкы прокурор.

«Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Расмий версия боюнча, учак Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан жана Бишкектин «Манас» аэропортунан май куюп алышы керек болгон.

Учак аэропортко жетпей, аба майданга жакын жайгашкан кыштакка кулап, 26 үйдү бузган. Учактын кыйрашынан улам экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам курман болгон. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыянды 186 млн сомдон ашуун деп баалаган.

Кыйроодон кийин «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын юристтери Таалайкүл Токтакунова менен Канатбек Азиз авария болгон учактагы жүктөрдүн бир бөлүгү ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына таандык деп айтып чыгышкан.

2017-жылдын январында УКМК кыйраган боингдин бортундагы жүктүн бир бөлүгү Кыргызстанга арналганын маалымдаган. Ага ылайык, казакстандык JTI Kazakhstan LLC компаниясы Кыргызстанга дээрлик эки тонна электр от жандыргычтарын кайтарымсыз бергени жаткан.

УКМКнын маалыматына ылайык, учактын бортунда жалпы жонунан 76 тонна 758 килограмм жүк болгон — турмуш-тиричилик техникасы, уюлдук телефон жасалгалары, от жандыргыч жана кол телефондор.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Боинг-747нин» кыйрашы: кырсыктан кийинки алгачкы 12 саат