УКМК чет мамлекеттик паспорттор иши боюнча МККнын үч кызмат адамын кармады

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

Материал 16:56да жаңыртылды.

Кармалгандар убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилди. Алардын бардыгы чет мамлекеттик паспорттор үчүн бланктарды сатып алуу тууралуу кылмыш иши боюнча өтүп жатышат.

Мурдараак ЖМКлар атайын кызмат «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаевди, Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаевди жана мекеменин статс-катчысы Данияр Бакчиевди кармашканын жазып чыгышкан.

Бирок УКМКнын пресс релизинде кармалгандардын ысымдары берилген эмес.

«Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында тендерди жеңип чыккан чет өлкөлүк компаниянын Garsu Pasaulis] Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарына тиешеси бар экендиги аныкталды», — деп билдиришти атайын кызматтагылар.

Тергөөнүн версиясы боюнча, тендердик комиссия «далилсиз себептер» менен мурда бланктардын жасашкан чет элдик компанияларды конкурска катышуудан четтетишкен.

Ошондой эле Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, алдын ала маалыматтар ылайык тендерден 253 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Чуулуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, Garsu Pasaulis өз атаандаштарына караганда 253 млн сомго көп сумма сунуштагандыгына карабастан тендерди утуп кеткен.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.

Ошондой эле, МККнын башчысы Алина Шаикова тендер «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» өткөн деп билдирген.