Сот чет мамлекеттик паспорттор иши боюнча МККнын аткаминерлерин камакта калтырды

Кармалгандардын тарапташтары Биринчи май райсотунун алдында. Сүрөт: «24.kg» басылмасы

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаевди, МККнын башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев менен ведомствонун статс-катчысы Данияр Бакчиевди эки айга камакта калтырды.

Сот чечимин кармалгандардын 150гө чукул тарапкерлери менен туугандары күтүп отурушту. Отурум төрт сааттан ашуун убакытка созулуп, түнгө жакын аяктады.

МККнын аткаминерлери 16-апрель күнү чет мамлекеттик паспорттор үчүн бланктарды даярдоо боюнча тендерди утуп алган Garsu Pasaulis компаниясына «тиешелери болгон» деген айып менен кармалышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, тендердик комиссия «негизсиз себептер» менен мурда бланктарды жасаган чет элдик компанияларды конкурска катышуудан четтеткен.

Бирок МКК алардын кызматкерлери «мыйзамга ылайык иштешкен» деп эсептейт.

Ошондой эле МККдагылар мамлекетке экономикалык зыян тийгизилген эмес, анткени Garsu Pasaulis менен келишим ошол бойдон түзүлбөй калган деп эсептешет. Буга чейин башкы прокуратура тендерден келтирилген зыяндын өлчөмү 253 млн сомго бааланып жатканын билдирген.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, Garsu Pasaulis өз атаандаштарына караганда 253 млн сомго көп сумма сунуштагандыгына карабастан тендерди утуп кеткен.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.

Ошондой эле, МККнын башчысы Алина Шаикова тендер «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» өткөн деп билдирген.