КСДПнын мүчөлөрү Атамбаев партиянын жетекчилигинен жоголуп кеткендиги үчүн юстиция министринин отставкасын талап кылышты

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 20га чукул мүчөлөрү 22-апрелде митингге чыгып, юстиция министри Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылышты.

Нааразылык акциясына чыккандар Юстиция министрлиги юридикалык жактардын реестринен партиянын жетекчилигин экс-президент Алмазбек Атамбаевден «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын башында турган Сагынбек Абдрахмановго алмаштырып койгонуна каршы болушту.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукулов билдиргендей, юстиция министрлигинин партиянын жетекчилигин реестрден алмаштыруу аракети «мыйзамсыз жана конституцияга каршы келет».

«Министрлик жарандардын укуктары менен мыйзамдарды коргошу керек. [...] Министр Жаманкуловдун отставкасын жана анын жоопкерчиликке тартылышын талап кылабыз. [...] Биз ошондой эле Абылгазиевдин отставкасын талап кылабыз. Биз КСДП партиясы парламенттин таркатылышын талап кылабыз», — деп айтты Турдукулов.

Митинг СДПК у Минюста

Митинг СДПК у Минюста

Posted by Шаман ТВ on Sunday, April 21, 2019

Министрлик КСДПнын жетекчисин өз базасынан Алмазбек Атамбаевден «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановго 18 апрелде өзгөрткөн.

Ведомстводон билдиришкендей, КСДП тууралуу маалыматтарды Сагынбек Абдрахмановдун арызы боюнча киргизишкен. Ошондой эле Абдрахманов Атамбаевден өзүнө партиянын уставын, мөөрүн жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

Атамбаев башкы прокурордон Юстиция министрлигинин аракеттерин «мыйзамсыз» деп таануусун суранып кайрылган.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында 2018-жылдын ортосунда пайда болгон. Кыймылдын 3-апрелдеги съездинде Абдрахманов төрага болуп шайланган.

Азыр өлкөнүн эң чоң партиясы бир нече бөлүккө ыдырап кеткен. КСДП өзүн учурдагы бийликтин оппозициясы деп жарыялаган, бирок фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.

ТЕМА БОЮНЧА: