Спикер Жумабеков Матраимовдордун атасынын урматына арналган турнирге барганы тууралуу

Дастан Жумабеков / Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков бир тууган Искендер, Райымбек жана Тилек Матраимовдор Кара-Сууда уюштурган спорт турнирине колдоо көрсөтүү үчүн барганын билдирди.

«Биз, депутаттар бири-бирибизге сый мамиле көрсөткөндүн негизинде гана барып келдик. [...] Экинчиден, ар бир депутаттын барып-келиши өзүнүн каражатынан болду, төраганыкы дагы. Биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок. Искендер Исмаиловичке: «Биз ал жерге бара албайбыз. Сенин иниңде ушундай маселе бар» дегенге эч кандай себеп жок», — деп келтирет «Азаттык» Жумабековдун айткандарын.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов мурдараак анын атасынын урматына арналган иш-чарага аткаминерлер менен депутаттардын келишинде «трагедия жок» экенин айтат.

«Жыл өткөн сайын депутаттардын арасында бири-бирине болгон мамилеси жакын боло берет экен. Ушундай иш-чарага өзүм депутаттарды чакырдым. Менин иниме болгон сөздөрдүн буга кандай тиешеси бар?», — деди Матраимов.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 1-май күнү бир тууган Матраимовдордун атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук мелдеш болуп өткөн. Турнирдин байге фонду 1 млн сомду түзгөн.

Чакырылган коноктордун арасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, парламенттин спикери Дастан Жумабеков, андан тышкары, депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Алмамбет Шыкмаматов, Абдывахап Нурбаев жана башкалар болушкан.

Матраимовдор эмнеси менен белгилүү?

Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат.

Депутат Искендер Матраимов — үй-бүлөнүн эң улуусу. Анын иниси Тилек Матраимов Кара-Суу районун жетектейт. Дагы бир иниси Ислам Матраимов финполицияда ички иликтөөлөр башкармалыгын башкарат.

Бирок бир тууган Матраимовдордун арасында Райым миллион атыккан Райымбек эң эле белгилүүсү болуп эсептелет. Ал «Ош» бажысынын жетекчиси, кийинчерээк Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон.

Мурдагы президенттин суранычы боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков аны бул кызматтан алган. Матраимов сотто өкмөттүн чечимине даттанып, сот аны кызматына кайтаруу чечимин кабыл алган.

Каржы полициясы Райым Матраимовдун мүлкүн төрт айдан бери текшерип жатат. Декабрь айында журналисттер президент Сооронбай Жээнбековго өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын беришкен. Анда Матраимов жана анын үй-бүлөсү мамкызматта иштегендери менен кымбат үй, жерлерге ээ экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА: