Шереметьеводогу авиакырсыкта каза тапкан жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок — КРдин Орусиядагы элчилиги

Шереметьев аэропортундагы авиакырсык. Сүрөт: Орусиянын тергөө комитети

Бул тууралуу «Клоопко» Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Авиакырсыкта 41 адам, анын ичинде экипаждын бир мүчөсө каза тапкан.

«Аэрофлот» авикомпаниясынын Superjet 100 учагы «Москва — Мурманск» багыты боюнча учуп бара жаткан, команда менен кошо анын бортунда 78 адам болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аба кемеси учуп чыккандан кийин жарым саат өткөн соң ыкчам конуу жасаган — бортто чыккан өрттүн бир нече себептери бар.

Орусиянын тергөө комитети пилоттордун, диспетчерлердин жана бортко техникалык кароо өткөргөндөрүн жетишсиз квалификациясы авиа кырсыктын себептери болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Аэрофлот» компаниясы учак кыймылдаткычы аба кемеси конгондон кийин жалбырттап кеткенин расмий билдирди.

«Москва – Мурманск каттамын аткарып жаткан аба кемесинин бортундагы бузулуулар кеме учуп чыккандан кийин башталып кеткен. Экипаж аэропортко шашылыш кайтып барууну суроого аргасыз болгон. Шереметьевого келип конгондон кийин кыймылдаткычтар өрттөнүп баштаган», — деп айтылат компаниянын сайтында.

Тергөө комитети адамдардын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Аварияны мамлекеттик комиссия да териштирмекчи.