Башкы прокуратура депутат Мусабекованы жоопкерчиликке тартпайт. Ал чай куйгусу келбеген кыздарды «сабоого» үндөгөн

Башкы прокуратура активист Гүлайым Айылчынын парламенттин депутаты Жылдыз Мусабекованын үстүнөн жазган арызын карап чыкты. Активист депутаттын чай куйгусу келбеген кыздарды «сабаш керек» деп айткандарына юридикалык баа берүүнү суранган.

Башкы прокуратура өз жообунда алар иштеген тармак — бул маморгандардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү, ошондуктан активисттер сотко кайрылышы керек деп жазган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу. Жогоруда жазылгандарды эске алып, сиз өз укуктарыңызды коргоо үчүн сот тартибинде кайрылууга укуктуусуз», — деп айтылат ведомствонун катында.

Айылчы өзү эл өкүлдөрү эмнени сүйлөп жаткандарын аңдап жана ал үчүн жоопкерчилик алышы керек деп айтып берди «Клоопко».

«Зомбулукка үндөө коомдук ойду калыптандырат. Юристтер менен кеңешкенден кийин мындан аркы аракеттерди жасайм. Биздин укугубуз бар жана аларды [депутаттарды] көзөмөлдөшүбүз керек. Кимди жана кантип шайлап алышканы түшүнүксүз. Кимди шайлап жатканыбызды билишибиз керек жана ошол үчүн алардын аракеттерин элге билдиришибиз керек», — деди активист.

Аялдардын тынчтык жөө жүрүшү

Мусабекова 8-мартта Бишкекте болуп өткөн аялдар жөө жүрүшүнөн кийин өзүнүн фейсбук барагына «эркегибиз "төрөбөйм", кызыбыз "чай куйбайм" дегендерди сөкмөк тургай, сабаш керек» деп пост жазган.

Чай куюну каалабагандык тууралуу ураан аялдар жөө жүрүшүнүн катышуучусунун плакытанда жазылган эле. Жүрүштү жыл сайын Бишкек Феминисттик Демилгелер кыймылы уюштурат. 2019-жылы тынчтык жөө жүрүшү 400гө чукул адамды чогулткан — бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу рекорддук сан.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын кээ бир плакаттары жана ага ЛГБТ коомунун өкүлдөрү катышкандыгы парламенттин депутаттарынын көпчүлүгүндө нааразычылыктарды жараткан. Алардын ичинде бийликчил партиянын депутаты Жылдыз Мусабекова да нааразы болуп чыккан.

Ал парламенттин отурумунда Борбор Азияда «биринчи болуп гей парад» өттү деп айткан. Ал аялдардын тынчтык маршын ушинтип атаган. Ошондой эле Мусабекова УКМК менен ИИМдин кызматкерлеринен жөө жүрүштү ким жана эмне максатта уюштурганын аныктоону талап кылган.