Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев 15-майда Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылды.

Мурдараак Башкы прокуратура Мусакеев 2010 жана 2017-жылдардын аралыгында 20 млн сомдон ашуун каражатка кыймылсыз мүлк сатып алып, аны өзүнүн жакын туугандарына каттатканын билдирген. Азыр Башкы прокуратура «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат

Мусакеев айыптоолорду жалган жана саясий буйрук деп атоодо. Анын бул пикирине мурдагы президенттин башка да тарапкерлери тилектеш.

Ал өзүн коргоо үчүн журналисттерге үй-бүлөсү ээлик кылган кыймылсыз мүлктөрдү көрсөткөн — бул ага-инилеринин курулушу аяктай элек үч үйү, агасынын батири жана өзү жашап жаткан УКМКнын кызматтык батири. Бирок башкы прокуратура көрсөтүлгөн мүлктөрдү анын туугандарына таандык болгон мүлктөрдүн аз гана бөлүгү деп атаган.

Ведомство органдар УКМКнын кызматтык батирлеринин мыйзамсыз бөлүштүрүлүүсүн иликтей баштаган соң Мусакеев өз мүлкүн кайра башкаларга каттатып алган деп эсептейт.

Мусакеевдин УКМКдан бошотулушу

Президент Сооронбай Жээнбеков Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы кызматынан өткөн жылдын апрелинде бошоткон.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Ошол кезде Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгон, ошондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Мисалы, Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан алган. Ал эми май айында Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири — Сапар Исаков — премьер-министрлик кызматтан бошотулган. Атамбаевдин көптөгөн беделдүү тарапташтарына карата кылмыш иштери козголгон.