Garsu Pasaulis сот аркылуу Кыргызстандан 62 млн евро талап кылгысы келет

Иллюстративдик сүрөт. Булак: OCCRP үчүн Lukas Balandisтин сүрөтү

Бул тууралуу литвалык компаниянын өкүлү Денис Паржачев «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, компания кызыкчылыгын аягына чейин коргоого даяр, бирок ошол эле учурда сүйлөшүүлөр үчүн да ачык.

«Азаттык» өз булактарына таянып билдиргендей, Garsu Pasaulis Кыргызстандын өкмөтүнөн 62 млн евро талап кылууну пландоодо — түздөн-түз алынбай калган киреше үчүн 12 млн евро, ал эми компаниянын аброюна шек келтирилгени үчүн дагы 50 млн евро компенсация.

Кыргызстандын өкмөтү литвалык компаниянын билдирүүсүнө расмий жооп даярдоодо.

Бул дал ошо Garsu Pasaulis утуп кеткен биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду жасоо тендери боюнча кылмыш ишинин иликтенүүсүнүн шартында болууда.

Чуулгандуу тендер

Garsu Pasaulis февраль айында МККнын чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендеринде өз кызматтары үчүн 940 млн сом сунуштап, тендерди утуп алган. Анда эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин эки компания, тагыраагы германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өз иликтөөсүн баштап, 16-апрелде МККнын үч аткаминерин кармаган. Атайын кызмат аларды литвалык компаниянын өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышкан жана тендер учурунда Garsu Pasaulisтин кызыкчылыктарын коргошкон деп шектеген. Кийинчерээк шаардык сот эки аткаминерди үй камагына чыгарган.

Иликтөөнүн шартында МККнын башчысы Алина Шаикова ээлеген кызматынан кол жууган. Ал эми 15-майда УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов отставкага кеткени тууралуу билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: