Бийлик оогандык этникалык кыргыздарга жер берүүнү пландаган эмес

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Болотбек Ибраимжанов 22-май күнү Ооганстандын Памириндеги этникалык кыргыздар өлкөгө башында алар өздөрү жана балдары билим алып алышы үчүн алынып келингенин билдирди.

«Алар балдары билим алышы үчүн көчүрүлүп келинген. Башкача жүйөөлөр менен Ооганстан көчүрүүгө макул болмок эмес», — деди Ибраимжанов.

Ошол эле учурда өлкө бийлиги алар мындан ары Кыргызстанда жашап калышы үчүн үй курууга жер бөлүп берүүнү пландаган эмес.

ТИМдин өкүлү Алмаз Асанбаев памирлик кыргыздар «кайрылман» макамын алышканын жана эгер каалашса жарандык ала алышаарын билдирди. Бул макамга ылайык, алар жумушка орношуу, пенсия же жөлөкпул алуу укугуна ээ болушат.

Аткаминерлер эгер Ооганстандан келген кыргыздар өлкөдө калгылары келсе, анда аларга Ош облусунун Чоң-Алайына же Баткен болусуна көчүүгө жардам бере алышаарын айтышкан.

Мурдараак ЖМКларда Ооганстандан келип, учурда Нарында жашап жатышкан памирлик кыргыздар үй-бүлөлөрүн багуу үчүн базарда кортон кагаздарын терүүгө аргасыз болуп жатышканы тууралуу маалымат пайда болгон. Алар мал чарбачылык кылуу үчүн шарт түзүп, үй бөлүп берүү өтүнүчтөрү менен кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылышкан.

Бийлик 2017-жылы Ооганстандан этникалык кыргыздардын 48 үй-бүлөсүн Нарын облусуна көчүрүп келген.

Бийлик аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген. Арадан болжолдуу жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Учуда Нарында памирликтердин 10 үй-бүлөсү жашап жатат.

ТЕМА БОЮНЧА: