Абылгазиев финполго Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырды

Райымбек Матраимов

Мухаммедкалый Абылгазиев 28-майда Каржы полициясынын башчысы Бакир Таировду кабыл алып, ага Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал коомчулукка текшерүү тууралуу толук жана бейтарап маалымат берүүнү суранды.

Финпол Матраимовдун мүлкүн беш айга чукул убакыттан бери текшерип жатат.

Финполдун басма сөз катчысы 27-майда мүлктү текшерүү процесси аягына чыгып калганын билдирди, бирок ал тергөөнүн «өз укуктары бар жана ал мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканына» таянып, текшерүүнүн жыйынтыктарын ачыкка чыгаруунун так мөөнөттөрүн атай алган жок.

Ошондой эле, Матраимовдун бир тууганы Каржы полициясындагы ички иликтөө башкармалыгын жетектээри белгилүү. Бирок финполдон мында кызыкчылыктардын кагылышын көрүшпөгөнүн билдиришкен.

Матраимовдун мүлкү президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча текшерилүүдө. Өлкө башчысы муну 2018-жылдын аягындагы өзүнүн алгачкы басма сөз жыйынында журналист Элнура Алканованын кайрылуусуна жооп ирээтинде убадалаган.

Матраимовдун кымбат баалуу мүлктөрү жөнүндө маалымат «Азаттыктын» журналисттери өз иликтөөсүн жарыялашкан соң 2017-жылы кышында пайда болгон.

Анда журналисттер Матраимовдун үй-бүлөсүнө баалуу өзгөчөлөнгөн үйлөр, Ош шаарындагы «Эрем» спорттук комплекси менен эки «Народный» супермаркети таандык экенин айтып чыгышкан. Муну менен бирге ал учурда Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматында иштеп турган Матраимовдун расмий кирешеси жылына 8500$ түзгөн.

Журналисттер Матраимовдун үй-бүлөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн мүлктөрдү табууну улантышууда. Сөз Бишкектин түштүгүндө көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан «Ихлас» курулуш компаниясы жөнүндө болууда. Factchek.kg басылмасынын журналисттери «Эльдорадо» соода борборунун имараты да Матраимовдорго таандык экенин айтышууда.

Мындан тышкары, жакында эле Матраимовдор эң белгилүү кыргыз тилдүү «Суперинфо» гезитин сатып алган деген маалымат пайда болгон. Басылманын ээсинин алмашкандыгы тууралуу анын мурдагы ээси Кылычбек Султан жарыялаган, бирок ал жаңы ээнин атын атоодон баш тарткан.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн таасири

Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат. 2019-жылы майда Матраимовдордун атасы Исмаил Матраимовдун урматына арналган спорттук турнирге парламенттин спикери Дастан Жумабеков, биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, андан тышкары, Жогорку Кеңештин ондогон депутаттары барып катышып келишкен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир тууган Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Депутат Искендер Матраимов — үй-бүлөнүн эң улуусу. Анын иниси Тилек Матраимов Кара-Суу районун жетектейт. Дагы бир иниси Ислам Матраимов финполицияда ички иликтөөлөр башкармалыгын жетектейт.

Бирок бир тууган Матраимовдордун арасында Райым миллион атыккан Райымбек эң эле белгилүүсү болуп эсептелет. Ал «Ош» бажысынын жетекчиси, кийинчерээк Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон.