Атамбаев Путинден Батукаевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү бир нече жолу суранган — КСДП

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Бул тууралуу КСДПнын төрайымы Асел Кодуранова 28-майда «Азаттыкка» курган маегинде айткан.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезинде Орусиянын президенти Владимир Путинге 2013-жылы мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевди өткөрүп берүүнү суранып төрт жолу кайрылган.

«Батукаев “өлүп калат, болбой калды” деп чыгышкандан кийин эки-үч ай өткөн соң ал жакшы эле жүргөн экен. Алмаз Шаршенович Орусия президентине кат жазган, “бергиле Батукевди, көрсө бизди алдап кетиптир” деп. Ал кат бир жолу жазылган эмес, менин билишимче, жеке сүйлөшүп атканда да айтылган», — деди Кодуранова.

2017-жылы Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка Кыргызстандагы кесиптеши Индрира Жолдубаева менен жолугушууда Батукаевди экстрадиция кылууга даярдыгы тууралуу билдирген. Ал убакта Орусиянын бийлиги кыргыз кримтөбөлүнүн Чеченстандагы абак мөөнөтүнүн аякташын күтүшкөн эле.

Чайканын билдирүүсүнө карабастан, Батукаевди ал Чеченстандын түрмөсүнөн чыкандан кийин деле ошо бойдон Кыргызстанга экстрадициялабай коюшкан.

Кыргызстандын бийлиги Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча ишти кайра жандандырган.

Бул ишке байланыштуу экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагында, анын ичинде кримтөбөлгө «курч миелобластык лейкоз» диагнозун коюшкан врачтар кармалышкан. Врачтар койгон диагноз Батукаевдин бошотулушуна негизги себеп болуп берген.

Бул иш боюнча суракка алынган кээ бир саясатчылар менен аткаминерлер Батукаев 2013-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен бошотулган деп айтышат. Атамбаевдин тарапташтары бийлик Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишти экс-президент же анын тарапташтары менен байланыштырууга аракет кылып жатышат деп эсептешет.

ТЕМА БОЮНЧА: