Жээнбеков, «АКА» компаниясы жана Матраимовдор. Сапар Исаков «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу эмнелерди айтып берди?

Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын декабрь айында президент Сооронбай Жээнбеков андан «АКА» компаниясындагы инвесторлор менен жолугушууну суранган деп билдирди. Ал убакта Исаков премьер-министрлик кызматта иштеп турган.

Исаковдун айтканы боюнча, ал жолугушуудан кийин компаниянын Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу билген, бирок колунда маалыматты тастыктоочу далилдер жок болгон.

Исаковдун билдирүүсү «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылгандыгы тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин жарыяланды. Журналисттердин айтымында, акчалардын чыгарылып кетиши өлкөнүн түштүгүндө эң таасирдүү деп саналган Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу.

Исаков эмнелерди айтып берди?

Исаковдун айтымында, 2017-жылдын ноябрь же декабрь айында президент Сооронбай Жээнбеков андан инвестор менен, тагыраагы «“АКА” компаниясындагы Хабибула» деген бирөө менен жолугушууну суранган. Сөз «AKA Petroleum» компаниясынын түзүүчүсү Хабибула Абдукадыр тууралуу болушу мүмкүн.

«Ал эң жогорку кызыкчылыгын “Мегаком” компаниясына, улуттук “Кыргызстан” авиакомпаниясына, финансылык каражаттарды ЭЭА “Нарын” аймагындагы индустриялуу логистикалык борбордун курулушуна билдирген. Ушуну менен бирге, мен алар КРдин мыйзамына ылайык башка компаниялар менен бирдей катышаарын жана биз эч кандай артыкчылык бере албай турганыбызды Хабибуланын алдында белгилей кеткем», — деди Исаков.

Мындан тышкары, Исаков айтып өткөндөй, «АКА» компаниясы «Коопсуз шаар» долбооруна тең-инвестиция кылгысы келген. Алгач ал менен келишим түзүлгөн, бирок «сапаттуу эмес документтердин» айынан келишимдин күчү жараксыз кылынган.

«Мени отставкага кетиришкенден кийин болжолдуу бир жума өткөн соң мен кайсы бир булактардан “АКАнын” башчысынын Райым Матраимов менен эски байланыштары бар экенин билип калгам. Бирок, тилекке каршы менин колумда фактылар жок болчу», — деп айтып берди Исаков.

«АКА», Атамбаев жана Матраимовдор

2018-жылы коомдук ишмер Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Акылдуу шаар» долбооруна тең-инвестор болгусу келген «АКА Инвест» компаниясы менен байланышы тууралуу чакан иликтөө жарыялаган.

Байсалов Атамбаевди компания менен Пархати Субихи аркылуу байланыштырган. Ал Субихинин экс-президентке таандык болгон «Форум» фирмасынын түзүүчүлөрүнүн бири экенине көңүл бурган.

«АКА Инвест» компаниясына «AKA Petroleum», «AKA Immobilien», «AKA London Trading», «MBL Investments» жана «AKA International» аттуу компаниялар кирет. Ушул эле компаниялар «Азаттыктын» иликтөөсүндө да айтылат, бирок анда бул компаниялар менен Атамбаевди эмес, бир тууган Матраимовдорду байланыштырышат.

Басылманын журналисттеринин маалыматтарына ылайык, «AKA Immobilien» компаниясынын уюмдаштыруучуларынын бири — Искендер Матраимовдун аялы Миновар Жумаева. 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарып кеткен Айэркин Саймаитинин кээ бир төлөмдөрүнүн акыркы кабыл алуучулары «AKA Immobilien» менен «AKA Petroleum» компаниялары болгон.

Саймати акчаларды Кыргызстандан Түркия, БАЭ, Германия, Улуу Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Орусия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг жана Ганага которуп турган. 2015-2017-жылдары Саймаитинин аялынын атынан Түркиядан Матраимовго таандык болгон кайрымдуулук фондунун эсебине 2,3 млн доллар келип түшкөн.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн таасири

Матраимовдордун үй-бүлөсү ушунчалык таасирдүү болгондуктан, 2019-жылдын май айында бир тууган Матрамовдордун атасы Исмаил Матраимовдун урматына арналган спорттук турнирге парламенттин спикери Дастан Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана парламенттин дагы ондон ашык депутаты катышышкан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир тууган Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Депутат Искендер Матраимов — үй-бүлөнүн эң улуусу. Анын иниси Тилек Матраимов Кара-Суу районун жетектейт. Дагы бир иниси Ислам Матраимов финполицияда ички иликтөөлөр башкармалыгын жетектейт.

Бирок бир тууган Матраимовдордун арасында Райым миллион атыккан Райымбек эң эле белгилүүсү болуп эсептелет. Ал «Ош» бажысынын жетекчиси, кийинчерээк Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон. Аны 2018-жылы кызматтан бошотушкан, бирок жакында эле сот ага Бажы кызматына кайра кайтууга уруксат берген. Бирок ал Бажы кызматындагы жумушуна кайтуу планында жок экенин билдирген.

Редактору: Анна Капушенко

ТЕМА БОЮНЧА: