Турсунбек Акун Атамбаевди сотко бергени турат

Турсунбек Акун. Сүрөт: «Азаттык»

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Клооптун» журналистине курган маегинде билдиргендей, экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берүүгө анын 8-июнда митингде айткан сөздөрү себеп болгон. Атамбаев Акун 2013-жылы кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунан «акча тапкан» деп айткан.

«Атамбаев Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушу үчүн акча алган деп айткан. Бул эмне шек келтирүү эмеспи? Мен өз ар-намысым менен абийиримди сот аркылуу коргойм. Азырынча доонун суммасы боюнча чече элекмин, бирок мен материалдык баюу максатын көздөгөн жокмун, башкысы ар-намыс», — деди экс-акыйкатчы.

Акундун айтымында, анын юристтери доонун үстүнөн иштеп жатышат жана бир аптанын ичинде сотко кайрылышат.

Атамбаев 8-июнда КСДПнын коррупцияга каршы митингинде чыгып сүйлөгөн — ал өзүнүн үзөңгүлөштөрү азыркы бийлик тарабынан, өзгөчө Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча куугунтукталып жатышканын билдирди. Кримтөбөл 2013-жылы жасалма «лейкоз» диагнозу боюнча колониядан бошотулган — ал дароо өлкөдөн чыгып кеткен.

«Азыр Батукаев боюнча чайкоо болуп жатат. Чын эле кимдир бирөө Атамбаев аны чыгарыш үчүн андан акча алган деп ойлоп жатабы? Атамбаев өзү бардыгына акча берген. Көрсөтмө алыш үчүн Атахановду, Салянованы, Рысалиевди отургузушту. [...] Турсунбек Акун баш болуп кимдир бирөө акча таап алды да», — деген Атамбаев.

Ушул эле иш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалып, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына коё берилген.

Акун буга чейин кримтөбөлдүн бошотулушуна Атамбаевдин тиешеси бар деп айтып келген.

Батукаевдин иши Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн себептердин бири болуп калышы мүмкүн. Иликтөө менен бирге анын каршылашы жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыраткан жана кылмыш жоопкерчилигине тарта турган мыйзамга кол койгон. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуу бир жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.