Ош шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Ош шаарынын архитектура башкармалыгынын башчысы Ажымурат Жолдошев кызматынан өз каалоосу менен кетти. Буга чейин мэр жетекчинин «мыйзамсыз» курулуштар боюнча жасап жаткан ишин сынга алган.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдиргендей, Ажымурат Жолдошевдин жумуштан кетүү тууралуу жазган арызы 21-июнда баштап күчүнө кирет.

Абсаттаров башкармалыктын жетекчисинин милдетин убактылуу Айбек Жетимишов аткарат деп кошумчалады. Буга чейин Жетимишов ушул эле мекемеде орун басарлык кызматын аркалаган.

Июндун башында шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү тургундарды кабыл алып, айрым жетекчилердин ишин сынга алган. Алардын катарында Жолдошев да болгон.

«Силердин кайдыгер мамилеңерден улам ушундай болуп жатат. Силер катуу туруп, баары бир бузулат, кийин деле сүрдүрүлөт деп түшүндүрсөңөр [...] Котлован казып башталганда эле айтсаңар, соттон чечим чыгарып, курулушту жокко чыгарып беришээрин айтып жатышат», — деп айткан мэр.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, шаарда уруксат кагаздары жок курулуш иштери башталып кеткен 28 объект бар. Айрым курулуштарды сот «мыйзамсыз» деп тапканына карабастан, курулуш иштерин улантып келишет. Ал эми бир курулуш сот аткаруучулар тарабынан бузула баштаган.