Төрөбаев Матраимовдор тууралуу иликтөөнүн шартында ЖМКларды тастыкталбаган маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти

Бакыт Төрөбаев. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Өз билдирүүсүн депутат Бакыт Төрөбаев 20-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

«“Азаттык” Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылгандыгы тууралуу иликтөө жасаган. “5-каналдын” сюжетинен кийин эки анжы пикир жаралды. Эл ичинде “Азаттыктын” журналисти жасалма жана такталбаган маалыматтарга таянып иликтөө чыгарган деген пикир жаралды», — деп билдирди ал.

Төрөбаев кошумчалагандай, «5-каналдын» журналисти Элнура Алканованын сюжетинен кийин анда да Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «кимдир бирөөнүн» кызыкчылыга бардыгы жөнүндө шек жаралган.

«Буга чейин мен “Азаттыкка” абдан ишенчүмүн [...] Жоопкерчилик кайда? [...] Жаңылык чыгараар алдында маалыматты тастыктап жана текшериш керек», — деди депутат.

Алканованын «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу сюжети

«5-каналдын» журналисти Элнура Алканова 15-июнда Али Токтакуновдун Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткендиги тууралуу иликтөөсүндөгү документтердин аныктыгына жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу ыктымалдыгын күмөнгө койгон репортаж жарыялаган.

Буга жооп кылып иликтөөнүн автору Али Токтакунов анын материалындагы бардык материалдар анык жана Алканованын сюжети «сапатсыз» болуп калган деп билдирген.

«Азаттыктын» кыргыз бюросунун директору Айзада Касмалиева өзүнүн фейсбук барагында «акыйкаттыктын изин жашыргысы келген күчтөр бар» деп жазган. «Иликтөөнүн өзөгүндөгү маселеден коомду алаксыткысы келгендердин чырагына май тамызгандан оолак бололу», — деп жазган Касмалиева.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов иликтөөнү анын үй-бүлөсүнө каршы «буйрутма» деп атаган. Финпол беш айдан бери анын иниси жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип жатат. Бирок мекеме тергөөнүн жүрүшүнө комментарий бере элек.

13-июнда депутат Матраимов билдиргендей, финпол Матраимовдордун бүткүл үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшере баштагандыктан текшерүү созулуп кеткен.

Өзүнчө журналисттер жана басылмалардан турган медиа коомчулук иликтөөдө айтылган маалыматтарга көңүл буруу өтүнүчү менен бийликке ачык кайрылуу жарыялашкан

ТЕМА БОЮНЧА: