Финпол чет өлкөлөрдөн Матраимовдордун мүлктөрүн тапкан жок

Каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров «Азаттык» басылмасына курган маегинде, ведомство Матраимовдордун мүлктөрүн февралдан бери текшерип жатканын жана чет өлкөлөрдөн алардын мүлктөрүн таппаганын билдирди.

Таировдун айтымында, мүлктөрдү текшерүү иштери аягына чыгып калды — анын жыйынтыгы июндун аяктарында жарыяланышы мүмкүн.

Журналист Али Токтакунов Матраимовдор менен байланышы бар делген компания менен каржы полициясынын башчысынын келини жана күйө баласынын байланышы бар экенин аныктаган. Аткаминер муну тастыктап, бирок бул анын жумушуна эч кандай таасир этпешин айтты.

Журналисттик иликтөө

Матраимовдордун үй-бүлөсү, анын ичинде парламенттин депутаты Искендер Матраимов жана бажынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Кыргызстандын түштүгүндөгү эң бай жана таасирлүү үй-бүлөрдүн бири болуп саналат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдор азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп бир нече жолу кыйытып айткан.

2017-жылдын февралында «Азаттык» Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлктөрү туурасында иликтөө жарыялаган. Журналист Элнура Алканова аталган үй-бүлөгө таандык болгон супермаркеттерди, кымбат баалуу үйлөрдү жана спорткомплексин тизмектеп, булар Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын тапкан кирешелери менен дал келбейт деп билдирген.

Ноябрда Райымбек Матраимовду «жетекчиликтин саясатына туура келбейт» деген жүйө менен кызматынан кетиришкен. 2018-жылдын февралында президент Сооронбай Жээнбеков финполго Матраимовдордун мүлкүн текшерүүнү тапшырган жана журналист Элнура Алкановага аталган үй-бүлөнүн мүлктөрү туурасындагы иликтөөнү изилдеп чыгууну убадалаган.

2019-жылы «Азаттык» Матраимовдор туурасында дагы бир иликтөө жарыялаган. Анын автору Али Токтакунов Матраимовдор Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга тиешеси бар болушу мүмкүн деп айткан. Бийлик иликтөөдө келтирилген фактыларды текшерип чыгууга сөз берген.

Июнда «5-канал» «Азаттыкты» Матраимовдор тууралуу иликтөөдө жасалма документ колдонууга айыптаган. Сюжеттин автору 2017-жылы Райымбек Матраимовдун мүлкүн 2017-жылы иликтеген Элнура Алканова болгон.